Сот түн-күнгө карабай Текебаевди кесүүгө шашылууда

15-августа кечки саат 8де Өмүрбек Текебаевдин соту уланды. Судья Айбек Эрнис уулу сотту кечки саат 22.00гө чейин жүргүзө алам деген өз билемдиги менен сотту улантып жатат. Текебаев жана анын адвокаттары кечки саат 18:00дөн сот жараянын улантуу мыйзамсыз экенин, ал кыйноого тете экенин билдирип жатышат.

Кечки саат алтыдан кийин Өмүрбек Текебаевдин кан басымы көтөрүлүп, тез жардам чакырылып дары-дармек берилди. Бирок ага карабай судья Айбек Эрнис уулу сотту улантып жатат.

Сотко катышып отурган мурунку президент Роза Отунбаева 37 жылдагы сот  жараяны жүрүп жатабы деп сотко суроо койду. Ага жооп кылган судья Отунбаеваны сыртка чыгып кетүүнү талап кылды.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар