Сооронбай Жээнбеков “солк”эткенде…

Генерал Конгантиев өткөн жылы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековго катуу иштеп берген.  Адахан Мадумаров Жалал-Абад облусунда калк менен жолугушуу учурунда Конгантиевди кимдердин тобуна кошулуп алганын,  кошулардан мурда 2010-жылды эске салууга, анда кандай мүшкүлдү башынан кечиргенин унутпоого чакырган эле…

Молдомуса Конгантиевдин эсинен ал мезгил эч качан чыкпаса керек… Бирок Жээнбековду колдоодо анын өзүнүн кызыкчылыгы жана мүдөөсү болсо керек эле.  Мына ошол кызыкчылыгы, мүдөөсү акталып, Жээнбеков өткөн жылы көрсөткөн кызматын  унуткан эмес экен.

Анткени, жакында эле УКМКа 2010-жылдан кийин Конгантиевге козголгон кылмыш ишти кыскартып, жабылганын жарыялады. Президенттин көзөмөлүндө турган УКМКа бул ишти албетте президент Жээнбековдун макулдугу менен жасады. Конгантиевдин кызматына жараша жооп болду десек болот…

Бирок да Жээнбековдун чечими же ал чечимди кабыл алууга берген буйругу чабал же мажирөө болуп чыкты. Анткени Конгантиевге кылмыш иши козголгону токтотулуусу боюнча “ыңкылапчылардын” чуусу Жээнбековду дароо эле артка кетүүгө аргасыз кылды.

Жээнбеков  12-июлда Таласка жасаган сапары учурунда Конгантиевдин ишинин кыскартылышынын мыйзамдуулугун текшерүү үчүн Башкы прокуратурага тапшырма бергенин  билдирүүгө аргасыз болду…

Конгантиевдин сабалганы мыйзамдуу болгону кайрадан текшерилет эми…

Негизи, Конгантиев легитимдүү ички иштер министри катары мыйзамдуулукту орнотуу үчүн 2010-жылы 6-апрелде Таласка барган. Бирок тополоңчулар тарабынан кармалып, аесуз сабалган. Өлүм алдында калган.

Туугандары 250 миң доллар берип топлоңчулар колунан куткарып кеткени эл ичинде айтылып келет. Аны менен кошо колго түшкөн Акылбек Жапаров сабалбай, бирок ал дагы 200 миң доллар кун төлөп, кутулуп чыккан.

Мыйзамдуу жана цивилдүү өлкөдө ички иштер министринин сабалганы боюнча кылмыш иши козголууга тийиш. Мыйзамдуулукту орнотом деп барган министрге эмес.

Элестетип көрүңүз эми, азыр кайсы бир облуста баш-аламандык болуп, анан министр Кашкар Жунушалиев аны токтотуу жана мыйзамдуулукту калыбына келтирүү үчүн барып, барымтага алынып, өлөсө сабалса, анан ага мамлекет кылмыш ишин козгосо…

Бул абсурд эмеспи. Минтип мамлекет курулбайт эмеспи…

There is one comment

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар