Сооронбай Жээнбеков шайлоо эсебине акчаны мол салды

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, президенттикке КСДП тарабынан көрсөтүлгөн өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков  шайлоо эсебине миллиондорду салды.  Бүгүнкү күнгө карай Сооронбай Жээнбековдун шайлоо эсебинде 22 миллион сомдон ашуун каражат турат. Каражат жагынан андан Өмүрбек Бабанов гана алдыда. Бабанов 32 миллион сом салып, анын 22 миллион сомдон ашуунун иштетти.

Сооронбай Жээнбеков болсо 22 миллион сомдун 1 миллионго жакынын гана сарптаган.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар