Сооронбай Жээнбеков бүгүн кызматынан кетет

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков дүйшөмбү күнү президенттикке талапкер болуп расмий түрдө катталды. Ошого байланыштуу өкмөт башчылыктан кызматтан кетмекчи. Конституцияга ылайык ал кызматтан бошотуу тууралуу арызды президентке тапшырат.

Президент өкмөт башчынын арызын кабыл алса, анда өкмөт толугу менен кызматтан кетет. Конституциянын 87 беренесинин талабы ошондой.

Бирок өкмөт жаңы өкмөт куралганга чейин өзүнүн милдетин аткарып турат.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар