Соке Сегизбаев, Дүйшөнбиевди сындан өткөрдү…

Президент Сооронбай Жээнбеков 4-декабрда УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевди жана Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы  Райимберди Дүйшөнбиевди кабыл алып, маалыматтарын укту.

Сегизбаевди Жээнбеков террорчулук, диний экстремизм жана коррупцияга каршы күрөшкө көңүл бурууга багыттаса, Дүйшөнбиев менен жолугушууда Куралдуу күчтөрдү андан ары бекемдөө маселесин козгогон.

Башкы штаб башчысы жана УКМКанын төрагасын кызматтан алуу жана бошотуу президенттин ыйгарым-укугундагы маселе. Жээнбеков Атамбаевдин бул кадрларын биринчи жолу алдына чакырып, алардан маалымат алды.

Бул жолугушуудан кийин Жээнбековдо аларга ишеними бекемделсе, анда алар кызматын улантат. Эгерде алар жөнүндө президентте тескери пикир же канааттанбагандык жаралса, анда кадрдык өзгөрүүлөр болушу мүмкүн.

Ошондо да Жээнбековдо өз алдында кадр саясатын жүргүзүү дарамети, духу жетиштүү болсо…

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар