Сириядагы кырды-бычак…

Сирияда өтө чаташкан жана карама-каршылыктуу кармаштар, согуштар жүрүп жатканы маалым. Бир жагынан Орусия жана Иран Сирия бийлигин колдоп, жоочуларга каршы аскерий операцияларды өткөрүп жатса, экинчи жагынан АКШ баштаган коалиция Сириядагы “Ислам мамлекети” аталган террордук уюмга каршы операция жүргүзүп келди.

Түркия АКШ баштаган коалицияда. Бирок иш жүзүндө Анкара  Орусия жана Иран менен биргеликте аракеттенип жатат.

Мына ушул түрдүү күчтөр Сирияны “Ислам мамлекети” аталган террордук топтон тазалаганын жарыялашкан. Бирок Сирия үчүн дагы деле уланып жатат.

Бүгүнкү күндө, 22-январда Түркия Сириянын түндүгүндөгү Африн шаарынын айланасында күрт куралдуу топторуна каршы операция өткөрүүдө. Түрк бийлиги аларды Түркиядагы Күрт жумушчу партиясы менен байланышта деп эсептейт. Бул партияны Туркия террордук деп атаган. Ошого жараша Африндеги күрт топторун да Түркия террордук топтор деп атап, аларга каршы аскерий операция өткөрүүдө.

Бул күрт топторун Кошмо Штаттар ачык, Израиль жең ичинен абдан катуу колдоп келет. АКШнын максаты күрттөрдү күчтөндүрүп, аларды Сирия бийлиги жана Түркия каршы колдонуу. Ыңгайы келсе Сирия, Ирак, Түркия аймагында алардын мамлекетин куруп берүү. Ошону менен Түркияны жана Сирияны ооздуктоо,  кырдаалды көзөмөлдөө. Ал өлкөлөрдөгү мунай кендерин ташуу жолдорун колуна алуу.

Израилдин максаты да ага жакын. АКШ жана Израиль ошондуктан өткөн жылы Ирак күрттөрү референдум өткөрүп, эгемендүүлүгүн жарыялаганда катуу кубатташкан. Бирок эгемендүлүк жарыялаган Ирак күрттөрү Ирак аскерлеринин бир күндүк чабуулу менен талкаланып калды…

Израиль үчүн Сириянын кескиленип кеткени улуттук кызыкчылыгына туура келет. Анткени мына ошондо Израилден 1967-жылкы согушта басып алган Голан тоолорун Сирияга кайтарып бер деп эч ким кайрып сурабайт, талап кылбайт. Андан сырткары Израилге майдаланып бырчаланган  жана Ирандын таасиринен чыгарылган Сирия керек.

Түркия өзүндөгү жикчил күчтөр менен Сирия жана Ирак  күрттөрүнүн биригип, күчөп кетпеши үчүн аракетин жасап келет. Дал ошондуктан Анкара керек болсо Ирак аймагында же азыркыдай Сирия аймагында аскерий операция өткөрүүгө даяр турат…

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар