Сирияда Орусиянын учагы кыйрады

Орус маалымат каражаттарынын кабарлоосуна караганда, 10-октябрда Сириядагы Хмеймим аба майданынан учуп чыгаарда Су-24 учагы кырсыктаган. Учак учууга күүлөнүп баратканда аба майданынан сыртка чыгып кеткен. Учкучтар катапульта менен секирип кетүүгө үлгүргөн эмес. Алар каза болушкан.

Сириянын Латакия провинциясында жайгашкан Хмеймим базасынан орус учактары “Жебхат-ан-Нусранын” Дейр-эз-Зордогу  жоочуларына сокку уруп жатышат.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар