Сирияда Орусиянын тик учагы кырсыкка учурады

31-декабрда Сириянын Хама аба майданында Орусиянын Ми-24 учагы конуп жатып кырсыктап, андагы эки учкуч набыт болгон. Орусиянын коргоо министрлиги тик учак техникалык жактан бузулуудан кыйроого учурагынын, ага эч кандай сырттан таасир болбогонун кабарлады. «Учакка сырттан эч кандай ок тийбегени аныкталды», деп кошумчалаган Орусия коргоо министрлиги. Бул тууралуу 3-январда ТАСС маалымат агенттиги кабарлады.

Орусия Сириядагы аскерлерин чыгарып жатат. Бирок Хмеймимдеги аскердик базасы  жана андагы аскерлери калары айтылган.

 

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар