Сирияда 200дөй жоочу жок кылынды

Орусиянын Коргоо министрлигинин дүйшөмбү күндөгү кабарлоосуна караганда,  Орусиянын аба күчтөрү Сириянын Дейир-эз-Зор шаарына бараткан жоочулардын колоннасына сокку урду. Андан 200дөй жоочу жок кылынып, алардын техникалары иштен чыгарылды. Бомбалоодо 20дай техника, анын ичинде танк, сооттолгон унаалар жок кылынган.

Орусия Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, “Ислам мамлекети” террордук уюму күчтөрүн Дейр-эз-Зор провинциясына чогултуп, аны кармап калуу көздөп жатышат.

Бул шаардын алынышы менен террорчуларга каршы согуштун аяктоосу жөнүндө сөз кылууга болорун орус аскер башчылары айтып келатышат.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар