ШКУ саммити. Кезек Кыргызстанда

Шанхай кызматташуу уюму чек араларда коопсуздукту сактоо, террорчулук, жикчилдик, экстремизмге каршы күрөшүү максатында түзүлгөн. Мына ушул багыттарда кызматташууларды өнүктүрүп келди. Акыркы кезде экономика, финансы, соода, транспорт, маданият багытында кызматташууларга көбүрөөк көңүл бура баштады.

ШКУга кирген өлкөлөр башка мамлекеттин ички ишине кийлигишпөө саясатын жүгүзгөндүктөн адам укуктары, улуттук азчылыктардын абалы, демократия сыяктуу маселелерге дээрлик көңүл бурбайт.

Ал эми Кытайдын Циндао жергесинде болгон саммитке келгенде, ШКУга кирген өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын 18-чи саммити  9-10-июнда Циндаодо болду. Саммиттин жыйынтыгында кызматташуунун түрдүү тармактарын камтыган 22 документке кол коюлду. Алардын арасында албетте, ШКУнун түзүлүшүнө негизги себептерден болгон террорчулук, жикчилдик жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча 2021-жылга чейинки мезгилди камтыган  программа болду. Андан сырткары Антинаркотикалык стратегия кабыл алынды.

Шанхай кызматташуу уюму коопсуздук тармагынан сырткары экономика, транспорт, экология, азык-түлүк коопсуздугу боюнча кызматташууну алдыга жылдырууга аракет жасап келатат. Бул маселелер да кабыл алынган документтерде чагылдырылды.

18-чи саммиттин өзгөчөлүктөрүнүн бири-ага биринчи жолу толук кандуу мүчө катары Индия жана Пакистан лидерлеринин катышуусу болду. Бул жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу менен ШКУнун эл аралык аренада салмагы өстү дегенге негиз бар. Эксперттик эсептер боюнча, жаңы мүчөлөрдү кабыл алгандан кийин ШКУга кирген өлкөлөрдө жашаган калктын саны 3.2 млрд. болуп, бул жалпы жер жүзүндөгү адамдардын 44% түзүп калды. ШКУ өлкөлөрү өндүргөн продукция дүйнөлүк ИДПнын (ВВП) 21% түзөт. Бул да бараандуу көрүнүш. Андан сырткары Кытай менен Россия БУУнун Коопсуздук Кеңешинин  вето коюуга укуктуу туруктуу мүчөлөрү.

Экономикалык багытта кызматташуу бирде аксап, бирде алдыга жылып келатат. Саммитте эркин соодага жол берүү, ишкерлик багытта кызматташуу сүйлөшүлгөнү кабарланды. АКШ баш болгон дүйнө мамлектетери учурда эркин соода эмес, өз базарын (рыногун) коргоого басым жасап жаткан шартта ШКУ мүчөлөрү эркин сооданы өнүктүрүүнү жактоосу да өзгөчө бир көрүнүш.

19-чу саммиттин Кыргызстанда өтөрүнө келгенде, бул кадимки эле кезектешүү. Саммитти уюмга мүчө өлкөлөр жыл сайын кезектешип өткөрүп келатат.  Ага ылайык 2019-жылы Кыргызстан өткөрмөкчү.

Кыргызстанда ШКУнун саммитин өткөрүү боюнча тажрыйбасы бар. 2007-жылы, андан кийин 2013-жылы Бишкекте ШКУнун мамлекет башчыларынын саммити өткөрүлгөн.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар