Шамбесай сабактары жана тарыхы…

Шамбесай боюнча жыйынды уюштуруу…

2-февралда Кадамжай районундагы Майдан айылында Шамбесай кени боюнча миңдеген жергиликтүү тургундар катышкан чоң жыйын болду. Жыйынды район акимчилиги, Майдан айыл өкмөтү Шамбесай алтын кенин Австралиянын “Зет-эксплорер” компаниясынан өткөн жылы сатып алган Кытай компаниясынын талабы менен уюштурган.

Кенди иштетүүгө каршы болгон жергиликтүү активисттер да аракеттенип, калкты көбүрөөк топтоого умтулушту. Алар социалдык тармактар аркылуу Бишкектен парламент мүчөлөрүн, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровду  чакырышты. Депутаттар келбеди. Мадумаров келди. Ошонусу менен калктын алкоосуна арзыды.

 

Жергиликтүү калктын каршы чыгуу себеби

Жергиликтүү калк кенди иштетүүгө караманча каршы чыгып, мына ошонун айынан (2006-жылдан бери геоогиялык-чалгындоо ишин жүргүзгөн) “Зет-эксплорер”  аны сатып кетүүгө аргасыз болгон.

Калкты кендин 150 миң киши суу ичкен Исфайрам дарыясына, айылга жакындыгы (500 метрдей)  катуу тынчсыздандырган. Андан сырткары эл кен карьерлик жол менен казылып алынат, ошондуктан жардыруу учурунда чаң көтөрүлүп, мөңгүлөр, суулар булганат, жардыруудан үйлөр жараксыз абалга келет деп чочулашууда. Алтын ылгоочу комбинатта цианид колдонулат. Ал уу зат деп катуу камтама…

Жергиликтүү калк кенден канча алтын казылып алынат, андан канча пайда түшөт жана ал кимге берилет деген суроолорго анча маани берише бербейт. Аларды көбүнчө экологиялык маселе тынчсыздандырат.

Элди алдоо аракети…

2-февралдагы жыйында кытайлар (инвестор дегенге ооз барбайт) жана район акими баш болгон бийлик өкүлдөрү цианид колдонулбайт, жаңы технологиялар колдонулат деп элди жоотконго аракет жасашты. Алар албетте, кен ачылса жергиликтүү тургундар жумуш менен камсыз болот, жергиликтүү бюджетке беш жылда 40 млн. сом, райондук бюджетке 160 млн. сом түшөт деп убадалашты…

Бирок жергиликтүү калк ага муюбады. Тескерисинче жыйынга келгендер 100% кендин иштетилишине каршы болуп, кыжырдануусу, ачуусу ашып-ташып турду…

Маселен, “жергиликтүү тургундардын 60% кенди иштетүүнү колдойт” деген республикалык адисти тургундар “жалганчы” деп атап, айрымдар ызырына баштаганда, УКМКа кызматкерлери, милиция коштоп аны качырып кетти. Алардын артынан кытайлар, аларга куйрук улай “чогулушту жабык” деп жарыялаган аким, айыл өкмөт башчылары да житип кетти.

Калктын көңүлү болсо алардын шаша-буша кетиши эмес, Мадумаровдун келишине бурулуп калгандыктан, алар Адахан Мадумаровдун сүйлөшүн талап кылып калышты. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү канчалык кыйылбасын, микрофондо ары-бери ала качпасын элдин талабы күчтүү болуп, микрофон Адахан Мадумаровго берилди. Ал элдин талабын толугу менен колдоп, кубаттады.  https://youtu.be/C_Rt4VZWTqQ

Жыйын соңунда калкты тынч-аман таратуу маселеси турду. Мадумаров бул учурда абдан зиректик кылып, элдин ырааттуу жана ынтымакта тарап кетишине жол таба алды.

Ал элге минтип кайрылды: “Урматтуу калайык! Күндөрдүн улуусу жума. Айлардын улугу Орозо ай. Бүгүн жума күн. Намаз жумага 30 мүнөт калды. Жыйын максатына жетти. Калк кендин ачылышына каршылыгын көрсөттү. Эми жума намазга барайлы” деди. Муну уккан миңдеген адамдар, алардын ичинде каны суюк жаштар, карылар, орто жаш кишилер, кыз-кыркын, келин-аял, кемпирлер бир үй-бүлөнүн балдарында ынтымакта жана ырааттуулукта үйлөрүнө тарап кетти.

Шамбесайда канча алтын бар, ал канча турат?

Шамбесай алтын кени Кыргызстандын башка алтын кендери сыяктуу эле мамлекеттин 1% үлүшү жок чет өлкөлүктөрдүн энчисине толук берилген. Кеминде 15 тонна алтыны бар кендин тагдырын бир нече коррупционер  ошентип чечип койгон.

15 тонна алтын 600 млн. доллар. 600  млн. доллар 40 млрд. сомдон ашык акча болот. Кыргызстандын бюджети 140 млрд. сом болуп жатканда, Шамбесайда канча алтын жана байлык жатканын салыштырып билүүгө болот. Бул салыштырууда бир чакырым асфальт жол 1-3 млн. доллар (кымбаты), бир мектептин баасы да мына ошонун тегерегинде болуп жатканын да эске алуу абзел.

Коррупциялашкан зыянкеч бийлик мына ушул байлыктан беш жыл ичинде Майдан айыл өкмөтүнө 40 млн. сом, районго 160 млн. сом салык төлөө убадасын чоң жетишкендик катары көрсөтүүдө. Бирок жогорудагы эсеп муну  аңкоолук, макоолук, душмандык, чыккынчылык экенин айкын көрсөтөт.

 

Шамбесай сабагы

Кыргызстандагы бардык алтын кендер мына ушундай коррупциялык, чыккынчылык  жол менен чет өлкөлүктөргө берилген.

Ал эми Исфайрам дарыясынын боюнда жайгашкан, андан суу ичкен Майдан, Кара-Жыгач, Кара-Кыштак, Чавай, Алыш, Өлагыш, Кара-Дөбө, Марказ, Көк-Талаа айылдарынын тургундары түп көтөрүлүп, Шамбесай кенинин  мына ошондой сатылуусуна жол берген жок. Алар өздөрүнүн жерин, курчап турган айлана-чөйрөсүн, суусун, жашоого болгон укугун сактап калышты. Ал үчүн тикесинен тик турушту. Ынтымагын көрсөтүштү.

Кенди  кара жемсөөлөрдүн талап-тоноосуна жол берген жок. Мына ушул жагынан Кадамжай районунун тургундары республиканын башка тургундарына үлгү болушту.  Өз жеринин ээси экенин далилдешти.

Албетте, кытайлар жергиликтүү бийлик менен калк арасына чок салып, бири-бири менен араздаштырып, кенди ачууга дагы аракет жасабай койбойт. Бирок калктын түрү аны ачтырууга жол бербейт дегенге негиз берет.

 

There is one comment

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар