Шайлоодо ким канча каражат сарптады?

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоодо кайсы талапкер канча акча сарптаганын 26-октябрда жарыялады. Расмий маалымат боюнча, Өмүрбек Бабанов  шайлоо эсебине 240 млн. 589 миң сом салып, анын 229 миллионун сарптаган. Ошону менен Бабанов талапкерлер ичинен эң көп каражат сарптаган болуп чыгууда.

Бабановдон кийин албетте, бийлик талапкери Сооронбай Жээнбеков көп каражат жумшаган. Ал шайлоо эсебине 158 млн. сом салып, анын баарын иштеткен.

Төртүнчү орунду ээлеген Темир Сариев болсо шайлоо эсебине 42 млн. сом салып, баарын жумшаган.

Албетте, бул каражаттан сырткары айрым талапкерлер шайлоого абдан көп каражат сарптаганы белгилүү. Добуштарды сатып алуу, сый тамактар, штаб, үгүттөөчүлөргө жана башкаларга кеткен каражаттардын эсеби жок.

Президенттикке талапкерлер ичинен Адахан Мадумаров шайлоо эсебине эң аз каражат салган. Ал болгону 1млн. 489 миң сом салып, мына ошол каражатты иштеткен. Бирок шайлоодо Мадумаров 110 миң добуш алып, үчүнчү орунду ээлеген.

Шайлоочуларды сатып алууга умтулбагандыгы, позициясынан тайбастыгы жана бийликтен коркпогондугу үчүн  калк ичинде  Адахан Мадумаров “Элдик президент” деп аталууда. Мындай атоонун да чындыгы бар. Ага бир мисал: Чоң-Алай районунда Сооронбай Жээнбеков үчүн чуркаган бир жаран куушурулуп, биз Соке үчүн ар кандай жолдор менен добуш топтой албай суй жыгылып жатсак, Чоң-Алайга бир келип койбогон Мадумаровго жергиликтүү калк өздөрү уюшушуп добушун берип, ал эмес 300 миң сом каражат да топтоп беришиптир, деп таңданганын жашырбады.

 

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар