Шайлоодо акча аламаны башталды..

Президенттикке аттангандар атайын эсептерге акча салып, аны сарптай башташты. Талапкерлердин саны 40 жетип калганда, кимдин канча акча салып, канчасын сарптаганына жараша анын күрөштү андан ары улантарын же “жөн эле” чыгып койгонун билүүгө болот эмеспи.

25-июлга карай Борбордук шайлоо комиссиясы 16 талапкердин акчасы жана аны колдонуу боюнча маалыматы чыкты. Ал маалыматка талдоо жүргүзүү талапкерлердин күрөштү акыр аягына чейин улантаар-улантпасынан, талапкердин максаты канчалык олуттуу экенин байкоого болот.

Олуттуу талапкерлер олуттуу акча сарптоону баштаганы дароо көрүнөт. Маселен, Өмүрбек Бабанов шайлоо эсебине 15 млн. сом салып, анын 14 миллионун сарптаган.

Темир Сариев болсо 3 млн. сом салып, 1.2 млн. сомду сарптаган. КСДПнын талапкери Сооронбай Жээнбеков шайлоо эсебине 3 млн. сом салып, бирок дээрлик сарптаган эмес. 14 миң сомдон ашуун акча гана короткон. Калган акчасы эсебинде турганын БШК маалымдайт.

Ортоңку катардагы талапкерлер Улукбек Кочкоров, Арслан Малиев жана Талатбек Масадыков көп чыгаша кыла берген эмес. Арслан Малиев 4.2 млн. сом салып, 115 миң сом гана короткон. Ал эми Масадыков жана Улукбек Кочкоров шайлоо эсептерине 130-120 миң сомдон  салып,  дээрлик 100 миң сомдон ашуунун сарптаган.

Турсунбек Акун 9 миң сом салып, 5 миңин жумшаган. Азимбек Бекназаров 15 миң салып, 5 миңдей сарптаган. Н. Мамедов атуу жараныбыз болсо 520 сом салып, андан бир тыйын короткон эмес.

БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаеванын Элньюска 26-июлдагы берген маалыматы боюнча, талапкерлер азыркы кезде  шайлоо эсебиндеги каражаттарын кол топтоо жана ыйгарым-укуктуу өкүлдөрүнүн маянасын төлөөгө жумшап жатышат.

Бүгүн 26-июлда БШК мамлекеттик тил боюнча сынак өткөрүүнү баштайт. Анда биринчилерден болуп абактагы Өмүрбек Текебаев  өтүш керек эле. Бирок анын УКМКнын тергөө абагынан чыгып келүүсү жана бүгүн болуп жаткан соттук жараянды токтотуп, Текебаевдин сынакка келишин камсыздоо чечилбей жатат.

Гүлнара Журабаева бул жерде Борбордук шайлоо комиссиясы чечим кабыл алууга тийиш дейт. БШКа УКМКага кат жолдоп, Текебаевдин келип, тил сынагынан өтүшүн камсыздоого тийиш деп эсептейт.

БШКда болсо жагдайдан кандай чыгуу боюнча бир жактуу жол табыла электей. Айрым талдоочулар, эгерде Текебаев тил сынагына келбей калса, анда ал сынактан өткөн жок деген шылтоо менен талапкер катары катталбай каларын айтып жатышат.

Бийлик оппоненттери бул өз кезегинде шайлоонун легитимдүүлүгү, талапкерлердин баарына бирдей шарт түзүү тууралуу мыйзам, Конституция талаптарынын аткарылбай калышы боюнча маселе жаратарын эскертүүдө.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар