Шайлоо штабын биринчи вице-премьер-министр көзөмөлдөйт

Премьер-министр Сапар Исаков президенттик шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын башчылыгына өзүнүн биринчи орун басары Толкунбек Абдыгуловду дайындады. Ага жардам берүү үчүн өкмөттүк аппараттын башчысы Нурханбек Момуналиев да Республикалык штабдын мүчөлүгүнө дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы 10-октябрда кабарлады.

Президенттик шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын башчылыгына вице-премьер-министр  Дүйшөнбек Зилалиев дайындалган эле. Ал президенттикке бийликтин талапкери Сооронбай Жээнбековдун пайдасына добуш берүүгө үндөгөнү коомчулукка маалым болуп калып,  штаб башчылык кызматтан бошотулган. Анын ордуна дагы бир вице-премьер-министр Темир Жумакадыров дайындалган эле. Тилекке каршы, дайындалгандан көп өтпөй Жумакадыров жол кырсыгында каза болуп калды.

Добуш берүүгө аз күн калганда шайлоо штабын жетектөө Толкунбек Абдыгуловго жүктөлдү.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар