Шадиевдин «шаштысы» эми кетеби?

Аскар Акаевдин «любимчиги» болуп, анын тушунда  Баткен облусунун губернатору, Кирешелер боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы кызматтарын ээлеген. Ал болбосо парламент депутаттыгынан түшпөгөн Аскар Шадиев учурда кыйын абалда турат.

УКМКа ага каршы кылмыш ишин козгогону 30-апрелде маалым болду. Аскарбек Шадиев 2017-жылы Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкты тапшыруу үчүн 30 миң доллар бөлдүрүп алган деп айыпталууда. Чындыгында  ал жылы сыйлык тапшыруу мерчемделген да эместиги айкын болууда. 30 миң долларды кымырып кетүү боюнча Жогорку Кеңештин бөлүм башчысы А.Закиров өткөн жылы кармалып, абакка салынган эле. Тергөө учурунда акчаны бөлдүрүүгө Шадиев кол койгону аныкталган. Бул иш боюнча ал кездеги Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков да УКМКада сурак берип чыккан.

Жаңы президенттердин тилин табууда алдына киши салбаган Аскарбек Шадиев бул ирет кыйчалыш абалда калууда.

Шадиев Акаев бийликтен кеткенден кийин Курманбек Бакиевге жакындаша албай бир аз жүдоп, бирок көп өтпөй анын жанынан орун таап кеткен. 2007-жылы “Ак жолдун” тизмеси менен парламентке келген.  2009-жылы Жогорку Кеңеште Кумтөр боюнча келишим каралып жатканда Аскарбек Шадиевдин Курманбек Бакиевди көкөлөтө сүйлөгөнү эсте турат…

2010-жылдагы апрель окуясынан кийин Шадиев Атамбаев да ылдам эле жакындашып кетти. Атамбаев чет өлкөлөргө сапарында ар дайым жанында алып жүрдү. Аскарбек Шадиев өз кезегинде “Алмазбек Шаршенович” деп жан-алы калбай жүрдү.

Шаршенович Шадиевди ушунча жакшы көргөндүктөн аны Жогорку Кеңештин төрагалыгына көтөрүүгө аракет жасаганы маалым. Бирок президенттик шайлоодогу таластыктар менен чыр-чатактарга байланыштуу алардын көңүлүн алуу үчүн төрагалык Дастан Жумабеков ыйгарылып кетти.

Атамбаев Шадиевди андан кем эмес биринчи вице-премьер-министрлик кызматты ыйгарды.

Атамбаевди “досу” Жээнбеков “кидала” кылды. Натыйжада Атамбаев көтөргөн кадрлары эмес, өзүнүн айласын таппай калды…

Шадиевди “бир болчу партиялашы” Алтынбек Сулайманов коргоп чыгыш керек эле. Анын үстүнө Сулайманов Жээнбеков менен жакын болуп, кадрларын аябай көтөрүүгө жетишти. Бирок Шадиевди жактаган же коргогон үн ката элек. Мүмкүн Шаршеновичтин КСДПсынан өзүн көрүп калган Шадиев Алтынбек Сулайманов менен кол үзүшүп жиберген бекен?..

Кандай болгон күндө да Акаев, Бакиев, Атамбаевдин тилин тапкан Аскарбек Шадиев Жээнбековго “жагуу ” үчүн баарына даярдыгында шек жок. Анын үстүнө “кайдагы бир 30 миң доллар” жөнүндө гана сөз болуп жатпайбы.

Бирок ал Жээнбековдун “сиңирген эмгек жана кызматына карабайбыз деген антикоррупциялык өнөктүгүнө” туш болуп олтурат…

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар