Шадиев четке качтыбы?…

30 миң доллар боюнча шектелген Жогорку Кеңештин депутаты Аскарбек Шадиев 28-апрелде дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгып кеткени 2-майда маалым болду.

Жогорку Кеңештен Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка деп өткөн жылы 30 миң доллар алынган. Акча суроо кагазына Шадиев кол койгон. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, Жогорку Кенештин кызматкери кармалган эле. 28-апрелде Шадиевге да кылмыш иши козголгону маалым болду. Кылмыш иши козголор замат Шадиев өлкөдөн чыгып кеткени да маалым болду. Шадиевди убагында бирөө катуу эскерткендей…

Кыргызстандагы байманасы ашкан байлар катарына кирген Шадиевдин 30 миң доллар менен “түшүп калуусу” таңкалыштуу…

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар