Шаардык кенештерге шайлоо: ким алдыда

28-майда Кыргызстанда  8 шаардык, 33 айылдык кеңешке шайлоо өттү. Жергиликтүү кеңештерге шайлоого көбүрөөк маани бере баштаган саясий партиялар ортосунда шаардык кеңештер үчүн, анын ичинде өзгөчө Жалал-Абад шаардык кеңеши үчүн  күрөш катуу болду.

Бийлик партиясы- КСДП көпчүлүк шаардык кеңештерге шайлоодо жеңишке жетишти. Алдын-ала маалыматтар боюнча президенттин партиясы болгону Жалал-Абад жана Кадамжайда экинчи орунда калды. Калган алты шаарда биринчи орунга чыкты.

Күрөш эң курч болгон Жалал-Абадда “Өнүгүү” партиясы алдын-ала жыйынтыктар боюнча 9 мандатка ээ болуп, биринчи орунга чыгууда.

КСДП 8 мандатка ээ болуу менен экинчи орунда.  “Ата журт” 4 мандат, “Кыргызстан” жана “Республика” 3төн мандатка ээ болуу алдында турат.

Жалал-Абадда чоң ийгиликке жетишкен “Өнүгүү” партиясы  Кара-Балта жана Кемин шаарларында, түштүктө Ноокатта жетиштүү добуш алалган эмес. Ошондуктан бул шаарлардын кеңешинде депутаты болбойт. Бул партия Кадамжайда 4 мандат менен экинчи орунга, Таш-Көмүрдө 5 мандат менен бешинчи орунга үмүт артып турат.

Өмүрбек Бабанов жетектеген “Республика” партиясы көпчүлүк шаарларда экинчи-үчүнчү орунга жетишкен. Жалал-Абадда болсо 3 мандат алып, партиялар ортосундагы жарышта бешинчи-алтынчы орунда калды.

8 шаардык кеңешке шайлоодо республиканын саясий аренасына жергиликтүү кеңештер аркылуу кирип келаткан “Мекеним Кыргызстан” партиясы мыкты көрсөткүчтөргө жетишти. Лидери да, программалары да белгисиз бул партия Ош жана Бишкек шаардык кеңештерге шайлоодо бараандуу жана эски партияларды артка калтырып, алты-жети депутаттан турган фракция курууга жетишкен эле.

Бул партия 28-майдагы шайлоодо жети шаардык кеңешке талапкерлерин көрсөтүп,  Айдаркен жана Кадамжай шаарларында биринчи орунга чыкты. Жалал-Абад, Таш-Көмүр жана Кара-Балта шаарларында үчүнчү орунга жетишти. Ноокатта гана мандатка илешпей калды.

Ошентип, Президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрам Илмиянов менен байланыштырылган бул партия жергиликтүү кеңештерге шайлоодо лилер партиялардын катарына кошулуп,  келечекте парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңеште фракция түзүүгө пайдубал орнотууда.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар