Ш. Мирзиеев прокурорлорду “эң чоң уурулар” деди (аудио)

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиеев прокуратура кызматкерлери менен өткөрүлгөн жыйында прокуратура кызматкерлерин “эң чоң уурулар” деп атады. Ал өзү район акими, облус губернатору жана башка кызматтарда иштегенде прокуратура менен бет келишкенин, алардын “прокурорлук кызматка келишими менен баскан-тургандары да өзгөрүп , бул нысабы жоктор кекейип каларын да өтө жакшы билемин” деген президент Мирзиеев.

Ал Өзбекстанга жаңы Башкы прокурор дайындалганын, ал прокуратуранын 80% өзгөркөнүн, бирок эскилер дале калганын, белгилеген. Президент прокурорлордун жашаган үйү, минген автоунааларын да айтып, калк жакшы жашаса гана прокурорлор да жакшы жашайт, деген оюн кошумчалаган.

There is one comment

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар