Ш.Мирзиеев: Чек арабыз ачык болуш керек

Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев жана Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиеев 9-июнда Шанхай кызматташуу уюмунун саммитинин алкагында Астанада жолугушту.

Анда президенттер эки тараптуу мамилени жөнгө салуу жана өнүктүрүү боюнча алдыга коюлган максаттардын аткарылышын сүйлөшкөн.

Кыргызстан президентинин маалымат кызматынын кабарлоосу боюнча, Шавкат Мирзиеев жолугушууда эки тараптуу мамилелер ар тараптуу өнүгүп жатканын, соода көлөмү өсүп, чектеш облустардын кызматташуусу жакшы жолго коюлуп жатканын билдирген. Мирзиеев ошондой эле чек арабыз ачык болуш керек деп белгилеген.

Өзбекстан президенти Алмазбек Атамбаевди расмий сапар менен Ташкенге келип кетүүгө чакырган.

Бул сүйлөшүүнүн жыйынтыгында президенттер чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин тездетүүнү тийиштүү органдарга тапшырышкан.

Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилеси Шавкат Мирзиеевдин Өзбекстан башына келиши менен оңоло баштады. Чек арадагы чыңалуу басаңдады. Вице-премьер-министрлер деңгээлинде визит алмашуулар болду. Президент Атамбаев Самаркандка барып келди.

There are 2 comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар