Ш.Мирзиеев басма сөз катчысын, УТРК башчысын кызматтан алды

Өзбекстанда президенттин басма сөз катчысы Асаджон Ходжаев менен Улуттук телерадиокомпаниянын төрагасы Бабур Алиханов кыматынан бошотулду. Бул тууралуу өзбек ММКлары маалымдашты.

Асаджон Ходжаев басма сөз катчылыкка ушул жылдын мартында, Бабур Алиханов УТРКнын төрагалыгына февралда дайындалган.

Kun.uz маалыматтык сайты өз булактарына шилтеме кылып жазгандай, эки аткаминердин кызматтан алынышынын байланышы бар. Басылманын маалыматына караганда, Ходжаев менен Алиханов 25-августта Самаркандда башталган «Шарк тароналари» аттуу эл аралык музыкалык фестивалды чагылдырууда кемчиликтерге жол берген.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар