“Сентябрь” жабылса “Жалбырак ТВ” чыгат

Биринчи май райондук соттун чечими менен жабылган “Сентябрь” телеканалынын чыгармачыл жамааты “Жалбырак ТВ” деген ат менен интернет, социалдык түйүндөрдө чыга берет. Бул тууралуу каналдын өкүлү Кайыргүл Урумканова 24-августа  “Кактус.медиага” билдирген. Урумканованын айтымында, “Сентябрь” телеканалын жапкан сот чечимин адвокаттар иликтеп жатат жана аны жокко чыгаруу максатында жогорку сот инстанцияларына арыз жолдонот.

Абактагы оппозициялык саясатчы Өмүрбек Текебаевге жакын “Сентябрь” телеканалын Биринчи май райондук соту Башкы прокуратуранын арызынын негизинде жапты. Телеканал экстремисттик маанайдагы материалды эфирге чыгарды деп прокуратура 22-августа сотко берген. Сот ошол заматта эле чечимин чыгарып берген.

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар