Сексенден ашкан чал кемпирин бычактап…

Ошто 83 жаштагы Т.М. 79 жаштагы байбичесин бычактап өлтүргөн деп шектелип кармалды. ИИМдин 18-июлдагы маалыматы боюнча, окуя 14-июлда Ош шаарына жакын Жапалак айылында болгон. 83 жаштагы Т.М. шектүү катары берген көрсөтмөсүндө “Ал күнү мен бир аз мас болчумун. Жаңжал чыга баштаганда кечки тамакка отурган элек. Мен ага малга от-сууну убагында бергин дедим. Ал мага орой жооп берди. Ачуумдан стол үстүндөгү бычакты алып, кемпиримдин кулак түбүнө урдум. Ал кыйкырып, эшикке чуркап кетти” деген.  Көчөгө жардам сурап чыккан кемпир көп кан жоготуп, жан берген.

Кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

Кемпир-чалдын 2 уулу, 4 кызы жана неберелери бар экен.

 

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар