“Себатта” окугандар Түркияга киргизилбейт…

Түркиянын Акшам гезитинин жазуусуна караганда, 11-августа Бурса шаарында  билим, анын анын ичинде диний билим берүүгө арналган иш чара болгон. Кыргызстандан да өкүлдөр катышкан жыйында Түркиянын билим берүү министринин орун басары Орхан Эрдем “Фетулланын террордук уюму Кыргызстанда абдан күчтүү. Көптөгөн жылдардан бери мектеби иштеп келатат. Биз абдан абайлашыңарды каалайт” элек деген.

Түрк министринин орун басары Фетуллах Гүленге караштуу мектептерде окуган балдарга, алардын жакындарына да Түркияга киришине виза ачылбаш ыктымалдыгын эскерткен.

Түркия жабууну талап кылган Себат мектептерин кыргыз бийлиги Сапат деп атын өзгөрткөн. Анда 11 миң окуучу билим алат. 12 миңден ашуун окуучу Себатты аяктаган.

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар