Саясий туткундар саясий туткун бойдон калды…

7-июнда Жогорку Сот саясий туткундар Бектур Асанов, Кубан Кадыров, Эрнест Карыбеков, Дастан Сарыгуловдун арызын карап, аларга берилген абак мөөнөтүн кыскартып, бирок өкүмдү күчүндө калтырды.

Атамбаев мезгилинде төртөө мамлекеттик бийликти күч менен басып алуу боюнча айыпталган эле. Э.Карыбековго тыңчылык боюнча да айып коюлган. Бирок коюлган айыптар жетиштүү далилденген эмес. Соттук жараяндар жабык түрдө өткөн. Айыпталуучулар коюлган айыптарды толугу менен четке каккан. Ага карабай өткөн жылы апрель айында Биринчи май райондук соту Б.Асанов, К.Кадыровду 12 жылга, Э.Карыбековду 20 жылга, Д.Сарыгуловду шарттуу түрдө төрт жылга кескен эле. Бишкек шаардык соту бул өкүмдү күчүндө калтырган.

Сооронбай Жээнбековдун бийликке келиши менен саясий мотивде камалгандар иши адилет каралат деген үмүт пайда болгон. Бирок 7-июндагы соттун чечими ал үмүттөрдү ташка чапты. Жогорку Сот Б.Асанов, К.Кадыровдун абак мөөнөтүн 12 жылдан 8 жылга, Э.Абдыжапаровдун 20 жылын 12 жылга кыскартып, бирок  өкүмдү күчүндө калтырды.

Бектур Асановдун жакындары шайлоо мезгилинде Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуп, андан анын соттук ишин адилет кароону өтүнүшкөн. Жээнбеков тарабынан андай убада берилгени айтылып келет…

Бирок үмүттөр таш каап, өкүм күчүндө калып олтурат. Ушундай эле тагдырды Садыр Жапаров, Ө.Текебаев жана башка саясий туткундар күтүп жатышы толук ыктымал болуп калды. Маалым болгондой Жогорку Сотто Садыр Жапаровдун иши каралып жатат.

Өмүрбек Текебаевдин адвокаттары да тергөө жана сот жараянындагы жашырылган фактыларды, жаңы жагдайларды ачып, Жогорку Сотто боло турган жараянга даярданып жатышат.

Б.Асанов, К.Кадыров, Э.Карыбековго айыптоо өкүмдүн күчүндө калтырылышын Сооронбай Жээнбеков жана жан-жөкөрлөрүнүн   бийлик өкүмзордугуна каршы күрөшкөндөр үчүн ае болбойт деп эскертүүсү катары баалоого болот. Бул реванш алабыз деп турган атамбаевчыларга эскертүү. Бирок андан Атамбаевдин өкүмзор режимине каршы күрөшкөндөр запкы тарткан бойдон калышы өтө өкүнүчтүү…

Бул өкүм Жээнбековго карата коомчулуктун «көзүн ачып», учурда атамбаевчылардын камалып жатышы адилеттүүлүк, коррупцияга каршы күрөш эмес, Жэээнбековдордун бийлигине коркунуч келтиргендерге гана каршы күрөш деген пикирди коомчулукта күчөтөт… Калган жагынан Жээнбеков Атамбаев көчүн чындап улантат шекилди.

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар