Саясий куугунтук…

Кыргызстанда президентти (бийликти эмес) шайлоо жолу менен алмаштырдык деп, керней-сурнай чалгандар арбын. Бирок ушул бийлик тушундагыдай саясий репрессиялар, саясий оппоненттерди жалган жалаа менен соттоп, абакка  салуу буга чейин болгон эмес эле.

Мурунку бийликтерде (канчалык жаман болбосун) саясий оппоненттерди сыйлоо, кандайдыр бир адамгерчиликтин чегинен чыкпоо далаалаты байкалат эле.

Ошондуктан КСДП, анын лидерлери оппозициялык ишмердүүлүгүн жүргүзүп, парламенттик, президенттик шайлоолорго катышып жүргөн. Парламентке келип, каалагандай тайраңдаган.

Эми болсо, Акаев, Бакиев учурунда күчтүү оппозиционер болгон Текебаев, Бектур Асанов, Кубан Кадыров сыяктуу саясатчылар жалаа менен камалып, парламентте, ал эмес жалпы саясий аянтта сын айтам дегендер сестенип, коркоктор алда качан оозун он чупүрөк менен жапкан…

Азыркы бийлик саясий репрессиясын улантып, бүгүнкү күнү Алмамбет Шыкмаматовду күйгүзүп жатат. Оппозициялык “Ата Мекен” фракциясынын лидери Шыкмаматов саясий көз карашы жана лидери Өмүрбек Текебаевди сатып кетпегени үчүн “кылдан кыйкым табылып”, соттолуп жатат.

Прокурор саясатчыны сегиз жылга эркинен ажыратууну соттон сураган.

18-декабрда сот уланды. Бул күнү Алмамбет мырза Конституциялык реформага каршы чыкканы үчүн куугунтукталып жатканын билдирди. Ал коюлган айыптарды толук четке какты.

Шыкмаматовго корупция боюнча айып коюлган. Ал Эсеп палатасынын аудитору кезинде аялына таандык автомашинаны кымбат сатып алып, мамлекетке зыян келтирген деп кинеленүүдө. Прокуратура базарда 10 миң доллар турган автоунааны  Шыкмаматовдун аялынан 13.5 миң долларга сатып алган деп жатат…

Саясатчыларга жасалып жаткан мына ушундай аесуз куугунтук Кыргызстан саясатында атаандаштыкты жоюп, КСДПнын лидери жана анын кошоматка ык койгон же тилин тишинин астына каткан жан-жөкөрлөрүнүн үстөмдүгүнө алып келүүдө.

Саясий атаандаштык жок жерде коррупция гүлдөйт. Бир адам каалаганын кылып, президент, өкмөт, сот, парламент баары анын жүгүртеги болот.

Кыргызстанда мына ошондой заман орноп турат…

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар