Саясатчылар үстүнөн соттор уланат

Укук коргоочу  Марат Зульфиянын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу маалымдоосуна караганда, бүгүн, 12-июнда Биринчи май райондук сотунда Садыр Жапаровго байланыштуу соттук териштирүү уланат. Сот саат түшкү 14:00 башталат.

Садыр Жапаров 25-мартта Кыргызстанга келгенде кармалган. Ага Ысык-Көл облусунун мурунку губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу боюнча айып коюлган.

Анын боштондугун талап кылып, ошол эле УКМКнын имаратынын алдында митинг өткөрүлгөн. Ал жерде тартип коргоо органдары менен кагылышуу болуп, Жапаровдун ондогон жакындары кармалган.

Жапаровдун мойну, колу кесилип, кыйноого алынган фотосу жарыяланган. Тартип коргоо органдары Жапаров өзүнө-өзү кол салды деген. Бирок укук коргоочуларда ага чоң күмөн бар.

12-июнда Бишкек шаардык сотунда Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча ишти карайт. Чотоновдун адвокаты андай арыз менен кайрылган. Чотонов жана Текебаевге байланыштуу соттук жараян 5-июнда башталган. Алар коррупция, пара алуу боюнча айыпталууда. Бирок алар айыптоолорду толук четке кагып, кылмыш ишти саясат менен байланыштырат.

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар