Саясатчылар тагдыры дагы жабык сотто чечилеби?

Бүгүн, 14-июнда Бишкек шаардык соту Бектур Асанов, Кубан Кадыров, Дастан Сарыгулов, Эрнест Карыбековдун апелляциялык арызын  карайт.

 

“Эгемен Кыргызстан” партиясынын лидери Бектур Асанов жана “Чындык” партиясынын лидери Кубан Кадыров  өткөн жылы март айында УКМКа тарабынан кармалган. Аларга “Кылмышка даярдык көрүү” жана “Бийликти күч менен менен басып алуу жана кармоо”  беренелери боюнча айып коюлган.

Биринчи май райондук сотунда сот өткөн жыл сентябрь айынан бери жабык өтүп, быйыл апрель айында өкүм чыккан.

 

Бектур Асанов жана Кубан Кадыров 12 жылдан кесилди. Дастан Сарыгулов 4 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды.  Эрнест Карыбековго мамлекеттик чыккынчылык беренеси боюнча айып коюлуп, 20 жылга кесилди.

 

“Саясий туткундарды коргоо” комитетинин өкүлдөрү Зульфия Марат жана Сапар Аргынбаев саясий партия лидерлеринин үстүнөн болгон сотту толук мыйзамсыздык деп атап, бийлик ага жооп берерин эскерткен. Алар ошондой эле саясатчыларды токтоосуз бошотууну талап кылышкан.

 

Бектур Асанов жана Кубан Кадыровдун бийликти басып алууга кам көрүүсүнө далил катары интернетке аудио үндөр жарыяланган. Бирок ал үн аныкы эместигин, анын жасалмаланганын Бектур Асанов билдирген.

Бектур Асанов жана Кубан Кадыровдун адвокаттары башынан бери соттун ачык болушун талап кылып келатат. Бүгүн да ошондой талап коюлат.  Бирок бийлик “жашыруун сыр”  деген шылтоо менен сотту жабык өткөрүп келген…

Эгерде сот ачык өтсө, анда бийликтин абийири ачылып, коюлган айыптары жасалма экени ого бетер кашкайып көрүнүп калат, дейт Аргынбаев.

 

Бектур Асанов жана Кубан Кадыров 2010-жылы апрель ыңкылабынын активдүү катышуучулары болгон. Кадыров президент Атамбаевдин жакын пикирлештеринен болуп, ыңкылаптан кийин ички иштер министринин орун басары кызматын аркалаган. Ал эми Бектур Асанов Жалал-Абад облусунун губернатору болгон.

Ыңкылаптын максаттары ишке ашпай калды деген бул саясатчылар бийликти коррупция боюнча кескин айыптап, активдүү оппозициялык ишмердүүлүк жүргүзө баштаган. Мындай активдүүлүк  жабык сот жана көп жылдык кесүүлөргө алып келди…

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар