Сауд Аравиясы “Аль-Жазираны” жабуу талабын койду

Улуттар Уюмунун 28-июндагы маалымдоосуна караганда, Катарга санкция жана транспорттук блокада жарыялаган Сауд Аравиясы баш болгон араб өлкөлөрү Катар бийлигинен “Аль-Жазира” телеканалын жабууну да талап кылган.

БУУ мындай талап плюрализмге, сөз эркиндигине зыян кылат деп кейип жатат.

Сауд Аравиясы баш болгон бир үй-бүлө башкарган араб өлкөлөрү ошондой эле бир үй-бүлө башкарган Катар мамлекетине 13 талап койгон. Ал талаптар аткарылса блокада алынат деп эскерткен. Мына ошол 13 талаптын арасында “Аль-Жазира” телеканалын жабуу да болуп жатат.

«Аль-Жазира» дүйнөлүк маалымат айдыңында атаандашкан маалымат каражаттарынын бири.

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар