Сариевдин талапкерлиги көрсөтүлгөн курултайда Ташиев, Келдибеков сүйлөдү

19-июнда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик филармонияда “Ак шумкар” партиясынын 7чи курулайы болду. Анда Темир Сариев талапкерлик программасы менен чыгып сүйлөп, “Улуу кыргыз кыялын” турмушка ашырууга чакырды.  Сариев шайлоо өнөктүгүндө ураан катары “Бирге” деген сөздү тандап алган.

Партиянын курултайына келген делегаттар Темир Сариевдин талапкерлигин колдоого чакырды.

Курултайга“Ата журт” партиясынын лидерлери Акматбек Келдибеков жана  Камчыбек Ташиев конок катары катышып,  сөз сүйлөдү.

Камчыбек Ташиев 25-майда Алайда Акматбек Келдибеков президентикке аттанарын жар салганда, аны колдоорун билдирген. Бирок Келдибековдун талапкер болуп катталуусу татаал экенин Жогорку Сот эскерткен. Ташиев, Мадумаров жана Келдибеков биригишкенин өткөн жылы жарыялап, үчөөсүнүн бирөөсү президенттикке талапкер болуп, калганы аны колдоору айтылган.

Курултай жашыруун добуш берүү менен Сариевдин талапкерлигин колдоду. Эми партиянын чечими Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт.

There is one comment

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар