Сариев тандоосу…

Темир Сариев үгүт өнөктүгүн белдүү үч-төрт талапкердин бири катары баштаган. Бирок өр алып кетүүсү кыйындап турат. Аны өзү да сезип, башка кубаттуу талапкерлер менен сүйлөшүүлөргө барууда.

Темир Сариевге жакын адамдардын 19-сентябрда Элньюска маалымдоосуна караганда, Темир мырза акыркы күндөрү Сооронбай Жээнбеков жана Өмүрбек Бабанов менен сүйлөшүүлөр жүргүздү. Анын ичинен Бабанов менен сүйлөшүү  натыйжасыз аяктаган. Ал эми Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүү уланып жатат. Ошондуктан Сариевдин бийлик талапкерин колдоп чыгуусу көбүрөөк мүмкүн болуп турат.

Сооронбай Жээнбековдун штабындагы адамдар болсо Темир Сариев менен сүйлөшүүлөр оң жолдо деп кудуңдашууда.

Темир Сариевдин Өмүрбек Бабанов менен бирикпей калуусунун  сыры белгилүү. Темир мырза, бери дегенде премьер-министрликти  каалайт.

Өкмөт башчылыкты Өмүрбек Бабанов Бакыт Төрөбаевге ыйгарып койду. Орустар макалындагыдай эки эрен “өлтүрүлө элек аюнун терисин бөлүп алышты”. Кыргызстан көчөлөрүндө “Бабанов президент! Төрөбаев премьер-министр!” деген жарналамар жайнап баратат.

Бул соодалашуу калк ичинде бир жактуу пикир жараткан жок. Ал эмес Бабановдун үгүт өнөктүгүндө алып баруучу жүргөн куудул Абдылда Иманкулов “Бабанов президенттик башкарууну жактап келген. Анан эле  бир күндө пикирин өзгөртүп, Төрөбаев менен биригип, эч нерсе чечиле электе эле кызмат орундарды бөлүшүп киришти” деп, Бабановдун командасынан чыкканын жарыялады.

Бабанов менен Төрөбаевдин “эки эң таасирлүү күчтөр бирикти. Бул тарыхый кырдаал” дегендей билдирүүлөрү Бабановду бардык күчтөр бириккен шартта колдоого даярдыгын ишааралаган Адахан Мадумаровду да катуу ойго салып, намысына тийгендей.

16-сентябрда Өзгөндө Бабанов менен бирге митингде сүйлөөсү  “Мадумаров талапкерлигин алып коюптур” деген сөздөрдүн тарашына негиз болгон. 18-сентябрда Мадумаров андай сөздөрдү кескин четке какты. Муну менен ал талапкерлигин албай турганын ишааралады.

Социалдык тармактардагы Мадумаровдун тарапкерлеринин Бабанов-Төрөбаев тандемине нааразылык пикирлери арбыды.

Адахан мырза бийлик талапкерине каршыларды бир талапкердин айланасында бириктирүүнү көздөгөн. Ал үчүн өзүнүн талапкерлигин алып коюга даярдыгын да жашырбай келаткан.  Өзгөндө сүйлөгөн сөзүндө да мына ошол идеясына бекем болуп,  Темир Сариевди бир талапкердин айланасында баш кошууга чакырган эле.

Бирок Темир мырза Бабанов эмес,  Сооронбай Жээнбеков менен биригүүсү көбүрөөк ыктымал болуп турат.

Ошондуктан бийликке каршы күчтөрдү бир талапкердин айланасында баш коштуруу демилгеси ишке ашпоочудай болуп турат.

Эгерде Темир Сариев Сооронбай Жээнбековду колдоп чыкса, анда бийлик талапкеринин биринчи турда жеңишке жетишүүсүнө мүмкүнчүлүк көбөйөт.

Темир Сариев Москванын финансылык жана башка колдоосуна абдан чоң үмүт жана ишенич арткан. Мына ошол үмүт жана ишеничине таянып, башка күчтөрдү өзүнүн айланасында бириктирүүгө көп аракет жасады. Тилекке каршы, Москвадан күткөн колдоо болбоду. Сариев бириктирем деген күчтөр бийлик талапкерин колдоого өтүп кетти.

There is one comment

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар