“Сапаттын” ордун “Маариф” алмаштырабы?

Кыргызстанда гүленчилердин уюткусу аталган  “Сапат” (мурдагы аталышы “Себат”) билим берүү мекемесинин лицейлерине альтернатива катары “Маариф” деп аталган билим берүү системасы киргизилет окшойт. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат маалымат каражаттарына мындай деп билдирүү таратты: — “Себат” же азыр “Сапат” деп аталган мектептер боюнча талаптарыбызды кыргыз тарапка бердик. Бул боюнча кыргыз тарап кандай чечим кабыл аларын учурда күтүп жатабыз. Ошол эле учурда биз кыргызстандыктардын билим берүү тармагындагы талабын эске алуу менен “Маариф” аттуу фонд жөнүндө маалымат берип жатабыз. Бул фонддун камкорчулар кеңешинин төрагасы — Түркиянын билим берүү министри. Башкача айтканда, мекеме мамлекеттик. Дал ушул фонд келип, Кыргызстанда мектептерди ачсын деп сунуш кылып атабыз. Бул боюнча чечимдер эми кабыл алынат. Быйыл сентябрь айында биздин президент Бишкекке келет. Мына ошондо айрым маселелер чечилиши мүмкүн”. Элчи ошондой эле эгер кыргыз бийлиги мындай сунушту кабыл алса, анда мугалимдерге “Сапатка” караганда көбүрөөк маяна төлөнүп, ал эми окуу акысы да арзан болорун кошумчалаган. Сыягы, күзүндө түрк президенти Р. Эрдоган Кыргызстанга расмий иш сапар менен келгенде бул маселе биротоло чечилет окшойт. Баарынан да Түркиянын билим берүү министрлигине караштуу “Маариф” мектебин аяктаган кыргызстандык окуучулар андан ары жогорку билим алуу үчүн Түркиянын ЖОЖдоруна тоскоолдуксуз тапшыра алышат жана стипендия, жатакана, тамак-аш сыяктуу жеңилдиктер да берилет.

«Жаңы ордо»

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар