Сапарды “сайып” түшөбүз дегендер кимдер?

Президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков өкмөт башчылык кызматка бекитилүү алдында турат. 24-августа ал фракцияларда өкмөттүн курамы жана структурасы боюнча маалымат берди.

Күтүлгөндөй эле өкмөттүн курамында олуттуу өзгөрүүлөр болору айкын болду. Сапар Исаков биринчи вице-премьер-министрлик кызматка Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду, экономика боюнча вице-премьер-министрлик кызматка Дүйшөнбек Зилалиевди, коопсуздук боюнча вице-премьер кызматына Темир Жумакадыровду сунуштап жатат.

Өкмөттүн жетектөөчү органдарына сунушталган бул кадрлардын баары Сапар Исаков менен куракташ, 40 кырындагы жаштар.

25-августа Жогорку Кеңештин чукул сессиясы чакырылып, анда өкмөттү бекитүү маселеси коюлат.  Президент Атамбаев бул максатта жума башында башкаруучу коалицияга кирген КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов, “Бир бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов жана “Кыргызстан” фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков менен жолугушуп, өкмөттү тез арада куроону сунуштаган.

Ошондуктан 25-августа Жогорку Кеңеште Сапар Исаков жетектеген өкмөт курамын бекитүүдө маселе чыкпаш керек.

Бирок да акыркы кезде Сапар Исаковго каршы чабуул күчөп, ага абдан олуттуу айыптар коюлуп жатат. Алардын арасында Исаковду “тыңчы” деп шекшигенден тартып, “коррупционер”  деп атаганга чейинки айыптоолор бар.

Ютубдагы тасмада Кыргызстан тышкы саясатындагы алешемдиктерге Сапар Исаков күнөөлү деп айтылган. Ал айыптоолордун биринде, Кыргызстанды 37 миллион долларга күйгүзгөн, Кыргызстан менен Орусиянын мамилесинде чыңалууну жараткан Жогорку Нарын каскадын куруу боюнча Русгидро менен келишимди түзүү жана аны бузуу аталган.

Сапар Исаков жана ал жанына алып жаткан Дүйшөнбек Зилалиев Русгидро менен келишим алып келген зыянды Чехия компаниясы менен калыбына келтирүүнү көздөп жатканы маалым.

Бирок, кашайып ал компаниянын арты таза эмес болуп жатат.

Русгидронун ордуна Жогорку Нарында ГЭС курабыз деп, кыргыз өкмөтү менен келишим түзгөн Чехиянын «Liglass Trading CZ, SRO»  компаниясы. Ал каражаты жок афералык компания деген маалыматтар ар тараптан чыгып, кыргыз өкмөтү менен түзүлгөн келишимди  Чехиянын   атайын кызматтары иликтей баштаганы кабарланган.

Эгерде “Liglass Trading” жакын арада Кыргызстанга 37 млн. доллар которо албаса, анда афералык компания экени ырасталат. Мына ошондо жаңыдан шайланган өкмөт жетекчилерине кандайдыр бир ишеним калабы?..

25-августа Жогорку Кеңештин чукул сессиясында Сапар Исаковго мына ушул сыяктуу жагымсыз жана курч суроолор берилиши ыктымал.

Өзгөчө оппозициялык аты бар “Республика-Ата журттун” лидери Өмүрбек Бабанов Сапар Исаковду “өткөрбөө” боюнча аракеттенип жатат деген шек-шыбаалар арбын. Бул максатын ишке ашыруу үчүн Бабанов оппозициядагы “Өнүгүү” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев менен кеңешкен.

Бирок бийлик менен кантип болбосун тил табышып, “Жогорку Кеңештин төрагалыгын” алууну көздөп турган Төрөбаев Бабановду колдоого даяр эмес болуп турат…

Сапар Исаковго интернетте жааган компроматтардын артында болсо Орусия, анын атайын кызматтары турат деген шектер бар. Ал шектерге  Сапар Исаков Максим Бакиевдин командасында болгон учурунда АКШнын элчиси Татьяна Гфеллерге “маалымат ташуучу” болгон деген шектер негиз берүүдө. Бул боюнча Орусияга ыктаган Дело№ гезити атайын кенен макала жазганы белгилүү.

Ошондуктан Сапар Исаковго каршы ичтен да, сырттан да күчтөр ойноп жатат.

Бирок анда Атамбаевдин колдоосу бар. Атамбаев бир учурда аны “оң колум” деп атап, президенттик кызматка көрсөтүү алдында турган. Бирок Сапар Исаковдун жаштыгы, тажрыйбасыздыгы жана жогоруда аталган чабуулдар мүмкүнчүлүгү  Атамбаевди рейтингдерде Сооронбай  Жээнбеков биринчи, Сапар Исаков экинчи болду деп, Жээнбековду алдыга түртүүгө себеп болгондой. Рейтингде экинчи орунду ээледи деген Исаковду өлкөдөгү экинчи кызматка-өкмөт башчылыкка көрсөттү…

Эми Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбеков менен Сапар Исаковду “жарыштырып”, керек болсо “чабыштырып” коюп,  “жогорку арбитрлик” доорду сүрүүнү көздөөдө….

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар