Сапар Исаковду МАИчилер укпайт…

Август айында премьер-министрлик кызматка киришкен Сапар Исаков жол коопсуздугу боюнча маселеге токтолуп, МАИ кызматкерлерин жолдордогу “зебралардын” артына эмес, алдына турууга, айдоочулар жол эрежесин бузуусун аңдууга эмес, алдыраакта туруп, анын алдын алууга аракет жасаш керек деген эле. Премьер-министр мындай тапшырманы ички иштер министри Улан Исраилов катышкан жыйында жаңы окуу жылы башталаар алдында берип, аны «принципиалдуу маселе» деген эле.

Бирок МАИ кызматкерлери өкмөт башчынын сөзүн бир да этибар албастан, мурункудай эле “зебралардын” артына туруп, айдоочулардын кайсы бири колго түшөөр экен деп, кайырмагын салып турушат.

Бишкектеги  бардык айдоочулар ага күбө!

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар