Сапар Исаков Давоско сапар алат

Кыргыз өкмөт башчысы Сапар Исаков Давостогу дүйнөлүк жылдык экономикалык форумга барарын жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлады. Форум 23-январда башталып, 26-январга чейин созулат. Сапар Исаков Давосто бир катар жолугушуулар өткөрмөкчү.

Сапар Исаков Давосто, кыязы “Санариптик Таза Коом” долбоорун жарыялап, инвестор тартууга аракеттенет…

Айтмакчы, Давос форумуна АКШнын президенти Дональд Трамп да келмекчи. Өткөн жылы форумда Кытай лидери Си Цзинпин башкы конок болуп, дүйнөлүк эркин сооданы колдогон эле. Анда эми кызматына киришип жаткан АКШ президенти  Трамп “Американы биринчи орунга коем”,  дүйнөлүк жана регионалдык келишимдерди кайра караштырам деп чуу салып жаткан эле…

Президенттик кызматка киришкенине бир жыл болуп калган Трамп Давоско кандай белеги менен келер экен.

Сапар Исаковдо аны менен жолубуз кесилишип кетер бекен деген жаман ой жок болбосо керек…

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар