Сапар Исаков аппаратын башчылардан “тазалады”…

Өкмөт башчы Сапар Исаков өкмөттүн аппарат башчысы Нурханбек Момуналиевди жана анын орун басары Эмилбек Бусурманкуловду кызматтан бошотуу чечимин 12-мартта кабыл алды. Министр рангасындагы аппарат башчы Момуналиевди бошотуу сунушу президентке жолдонсо, Бусурманкуловду өз чечими менен айдады. Сапар Исаков мындай кескин чечимди өкмөттүн кагаз ишиндеги өксүктөрүнө байланыштуу кабыл алганы айтылууда.

Маселен, Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорлорун жана ратификациялануучу келишимдерди жолдоодо олуттуу кемчиликтер кеткен. Өткөн жылдын соңунда Евразия экономикалык биримдиги боюнча келишимди ратификациялоо мөөнөттөрү өтө кечиктирилип берилген. Мындай мүчүлүштүктөр абдан эле көбөйүп кеткендиктен дүйшөмбү күнү Сапар Исаков аппаратын тазалап, бир топ министрлерге эскертүү, сөгүштөрдү жарыялады.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар