Samsung картина-сыналгы аталган, Frame TV моделин сата баштады

Samsung Electronics компаниясы өзүнүн картина-сыналгы деп аталган, Frame TV моделин чыгарып баштаганын жарыялады. Бул сыналгыны сатууну Samsung Electronics компаниясы Швейцария менен Норвегияда баштап, кийинки аптада-Австрияда, Бельгияда, АКШда, Германияда, Францияда жана Түштүк Кореяда улантат. Бул сыналгынын жарнамалык-тааныштыруусун музейлерде жана сүрөт галереяларында өткөрүп, муну менен Samsung Electronics компаниясы бул сыналгыны искусство буюму катары көргөзгүсү келет.

Сыналгыны өчүргөндөн кийин, Frame TV картинка сыяктуу болуп, 100 дөн ашуун сүрөттөрдүн бирин тандап, ошол сүрөттү чагылдырып койсо болот. Андан тышкары рамканы, түсүн өзгөртүү эрежелери бар.

Ал эми бул сыналгынын Кыргызстанда качан сатылып башталаары белгисиз.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар