Саляновага өкүмдүн күчүндө калышы-бетке муздак суу чачылышы…

22-майда Жогорку Сот Аида Саляновага Бишкек шаардык соту чыгарган өкүмдү күчүндө калтырды. 2017-жылы Ленин райондук соту, андан кийин Бишкек шаардык сот Салянованы үй-мүлкүн конфискациялоо менен 5 жылга кескен. Бирок 2015-жылы туулган кызы 14 жашка чыкканга чейин өкүмдүн күчүнө киргизилишин токтотуп койгон. 22-майда Жогорку Сот томөнкү сот инстанцияларынын чечимин күчүндө калтырды…

Аида Салянова Жогорку Соттун өкүмү чыгар алдындагы акыркы сөзүндө райондук, шаардык соттордун чечимдерин “Атамбаевдин өзүм билемдиги” деп атаган эле. Ошондуктан ал жана анын жакындары Атамбаевдин бийликтен кетиши менен Салянова акталат же өкүм жумшартылат деп күтүп жаткан. Бирок ал үмүт аткарылбады.

Сооронбай Жээнбеков Кабай Карабековго коюлган доодон баш тартып, андан кийин Нарын Айып, “Заноза” сайты жана Чолпон Жакуповага сот чечимдери жумшартылган эле. Соттордогу бул өзгөрүүлөр Аида Салянова, Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров жана башка саясий туткундар ишинде оң жылыштар болот дегенге үмүт берип турган.

29-майда Жогорку Сотто Садыр Жапаровдун арызы каралууга тийиш. Өмүрбек Текебаевдин адвокаттары да жаңы жагдайлар боюнча Текебаевдин ишин кайра кароого жетишүүнү көздөп, аракеттенип жатышканы маалым.

Бирок Саляновага өкүмдүн күчүндө калышы андай үмүт менен тургандардын бетине муздак суу чачып, өзүнө келтиргендей болду…

Жогорку Соттун судьялары Ленин райондук жана Бишкек шаардык сотторунун чечимин күчүндө калтыруу менен Аида Салянованын 2010-жылы Елисеевге адвокаттык лицензиясын кайтарып берүүнү кылмыш катары санап, өздөрү чечим чыгардыбы же сот бийлигине өзгөчө көңүл буруп турган президент Сооронбай Жээнбеков эски атаандаш “ата-мекенчилерди” алсыраган бойдон турушун көздөдү бекен? Мына ушул суроо Аида Салянова жана башкалар тарабынан коюлуп жатканы талашсыз…

Аида Салянова 2010-жылы Юстиция министри болуп турган мезгилде  издөөдө жүргөн Алексей Елисеевге адвокаттык лицензиясын жандантып берүү менен кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталган. Елисеев Максим Бакиевдин жакын өнөктөрүнөн болгону белгилүү…

 

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар