Саламаттыкта жана узак жашоонун сыры

Калориясы күчтүү тамакты кыскартуу менен, жашооңузду жакшы жагына өзгөртө алышыңызга бир катар илимий изилдөөлөр  кепилдик берет.

Картаюунун проблемалары боюнча Американын улуттук институнун окмуштуусу Жули Маттисон  адамдын биологиялык сааты анын чыныгы жашын көрсөтө албай турган мезгил жакын деп эсептейт.

Буга азыр ишенүү кыйындай. Бирок медицинанын өнүгүүсү жана турмуш шарттын жакшыруусуна жараша бул багытта адамзат кыйла алдыга кетип калды.

Маселен, 2014-жылы АКШда 50 жаштан 64 жаштагы америкалыктардын 16% өнөкөт оорулардан жабыркаган.

Андан 30 жыл мурун эле адайлардын көрсөткүчү 30% болгон.

Башкача айтканда, биз ата-бабаларыбызга салыштырмалуу узак жашап эле калбай, карылык мезгилде алардан саламаттыгыбыз тыңыраак болууда.

Бул тенденцияны бекемдөө жана өмүрдү узартуу, сапатын жакшыртуу үчүн дагы эмнелер жасалыш керек?

Дүйнө жүзүндөгү окумуштууларда бул боюнча ар кандай идеялар бар.

Бирок Маттисон жана анын коллегаларынын бул суроого бир гана жообу бар: өзүңдүн диетаңа жөнөкөй эле өзгөртүүлөрдү киргизиш керек деген. Алардын пикири боюнча, эң башкысы табагыңдагы тамакты азайтышың керек, окмуштуулар аны “калорияны чектөө” деп аташат.

Сунушталып жаткан диета майлуу тамактан баш тартуу жана маал-маалы менен “орозо” кармоо менен чектелбейт.  Сөз, жеп жаткан тамакты бара-бара кыскартып, аны эч качан көбөйтпөөдө жатат.

1930-жылдардын башындагы изилдөөлөр көрсөткөндөй, күндөлүк тамак-ашты 30% кыскартуу, узагыраак жана активдүү жашогоо алып келет. Бирок бул курт, чымын, келемиш жана маймылдарга жасалган экспериментте ырасталган.

Жалпысынан, жан-жаныбарларга тамакты кыскартуу организмге мыкты даба экени аныкталган. Мүмкүн бул нерсе адамдарда да иштейт?

Байыркы Грецияда эле Гиппократ оору табийгий нерсе экенин жана алардын көпчүлүгү ыксыз жеп алыштан (тойбостук) чыгарын айткан. Семиз гректерге караганда, арыктары көп жашаган. Бул айкын болгон.

15 кылымда оорукчан аристократ Луджи Корнаро мүмкүн эмести жасаган. 40 жаштагы Корнаро күн сайын 350 грамм гана ( азыркы эсеп боюнча 1000 калорий) тамак-аш жей баштаган. Ал нан, жумуртка жеп, шорпо ичкен. Эттен торпок, уй, кекилик, тоок этин тандаган. Албетте, балыкты унуткан эмес.

Ал өмүрүнүн аягында 98 жаштамын деген. Бирок ал 84 киргенин эсептешкен. Бирок да 15-16 кылым үчүн ал өтө көп жаш. Анткени ал кезде 50-60 жаштагылар картайгандар деп эсептелчү.

Корнаро өлгөндөн кийин небереси жарыялаган китебинде калорияны кыскартуу картаюуну жайлатат, карыялардын саламаттыгын бекемдейт деп жазган.

Корнеро албетте, кызыктуу киши болгон. Бирок олуттуу илим үчүн анын сөзү жетишсиз.

1935-жылдагы фундаменталдык иликтөө ак келемиштердин тамагын 30-50% кыскартуу алардын өмүрүн узарышына, оорулардан оолак болушуна алып келерин аныктаган. Албетте, келемиштерге жасалган иликтөө адамдарга иштеп кетет деш кыйын.

Адамдарды өмүрү өткөнчө иликтөө сейрек кездешкен нерсе. “Андай программаны кимдир-бирөөнүн каржылашын элестетүү кыйын” дейт Маттисон. Анын үстүнө дейт ал, биздин татаал коомубузда тамеки чегүү, дарылануу, психикалык саламаттык, көнүгүү жасабоо сыяктуу факторлордун таасирин четке кагуу мүмкүн эмес дейт.

Ошондуктан 1980-жылдардын соңунда калорияларды кыскартуунун таасири бири-биринен көз каранды болбогон эки институтта изилдөөгө алынган. Тажрыйба макака-резуска жүргүзүлгөн.

Анткени бул маймылдар менен адамдардын ДНКасы 93% дал келет. Анан окшош картаят экенбиз. Алар орто жаштан кийин (орто жашы 15) бүкүрөйүп, териси бырышып, жүнү түшө баштайт.  Андан сырткары жашы улгайган сайын макака-резустардын рак, диабет, жүрөк дарты көбөйөт.

Эки институт жүргүзгөн изилдөөдө тең макакалардын тамагын  кыскартуу алардын ден соолугунун чыңыраак болушуна алып келери аныкталган. Тамагы кыскартылган макакалардын жүнү түшпөй, саламаттыгы да бекем болгон. Ар кандай дарттарга чалдыгуусу да сейректеген.

Бирок адам баласын тамагын тыю бир топ кыйын. Анткени жогорку калориядагы азыктар адамдарды ар жерде азгырып турат. Андан сырткары толуп алууга айрым адамдар генетикалык жактан ыңгайланышкан. Ошондуктан жеп жаткан тамагыбыз генетикалык өзгөчөлүгүзгө, метаболизм жана башка физиологиялык өзгөчөлүктөргө жараша болушу идеялдуу болмок дейт окмуштуулар.

21 жаштан 50 жашка чейинки 218 аял жана эркен эки топко бөлүнгөн. Биринчи топко эмне кааласа ошону жей берүүгө уруксат берилген. Башкача айтканда, аларды күндөлүк тамагы кандай болсо, ошондой калтырылган.

Экинчи топтогуларга күндөлүк тамагынан 25%га аз берилген.

Ар бир алты айда аларды текшерип турушкан. Бул эки жылдык иликтөө келемиш жана маймылдарга узак мөөнөттүк тажрыйба жүргүзүлгөндөй маалымат бере албайт.  Бирок 2015-жылы жарыяланган иликтөөлөр жыйынтыгы көрсөткөндөй, тамагы кыскартылгандарда жаман холестеринге караганда, жакшы холестерин көбөйгөнү аныкталган. Шишик пайда болуу мүмкүнчүлүгү 25%, диабеттин пайда болуу коркунучу 40% кыскарган.  Кан басымы төмөн болгон.

Окмуштуулар тамакты кыскартуу мына ушундай оң натыйжа берерин аныктаган. Бирок сиз кандайдыр менен кадам жасарда дарыгер менен кеңешкениниз оң дейт адистер.

ББСден кыскартылып которулду.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар