Садыр Жапаровдун иши Жогорку сотто каралат

Чек арадан өткөрбөй туруп УКМКга алынып келинген мурунку депутат Садыр Жапаровго бийликтин күн карама соттору 11 жыл беришкен. Жапаровду “Кумтөр” боюнча Ысык-Көлдө тополоң уюштурган, Эмилбек Каптагаевди барымтага алууга буйрук берген деп айтыпташкан. Жабыр тартты деген Каптагаев сот залында “Садыр Жапаровдун күнөөсү жок. Мени барымтага алганда Садырды көргөн эмесмин. Аны бошоткула” деп суранганына буйрук аткаруучу соттор көңүл деле бурган эмес. Эми жабырлануучу катары саналган Каптагаев Жогорку сотко Жапаровдун ишин кайра кароо үчүн көзөмөл иретинде арыз жазды. Кыргыз тарыхында жабырлануучу биринчи ирет мындай арызды жазып олтурат. Каптагаевдин бул жигиттик кадамын белгилеп коюу ашыктык кылбайт. Көзөмөл иретиндеги арыз 29-майда карала турган болду.

«Жаңы ордо»

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар