Садыр Жапаров 11 жыл 6 айга кесилди

2-августа Биринчи май райондук соту оппозициялык саясатчы Садыр Жапаровго өкүмүн жарыялады.  Ага ылайык Жапаров 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылды.

Судья Жапаровду “барымтага алуу” беренеси боюнча айыптуу деп тапты. УКМКа  2013-жылы ал кездеги Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаевди кыска убакытка митингчилер тарабынан кармап турушун Садыр Жапаров уюштурган деп, кылмыш ишин козгогон.

Мына ошол кылмыш иштин негизинде  УКМК кызматкерлери Жапаров 25-мартта Казакстандан Кыргызстанга өткөндө кармап кеткен.

Сот мына ошол мына ошол УКМК козгогон кылмыш иштин багыты менен барды. Барымтага алынды делген Эмилбек Каптагаевдин Садыр Жапаровго эч кандай доом жок дегенин сот элес албады.

Жапаровдун адвокаты 2-августа Биринчи май райондук соту чыгарган өкүмдү жокко чыгаруу үчүн жогорку сот инстанцияларына кайрыларын билдирген. Бирок андан оңдуу натыйжа болору күмөн. Азыркы бийлик тушунда Жапаровдун акыйкатка жетиши кыйын.

Анткени  президент Атамбаев 24-июлда өткөргөн маалымат жыйынында Садыр Жапаровго байланыштуу жүрүп жактан сотко карата каардуу пикирин билдирген. Президент Атамбаев “кошуна өлкөлөрдө губернатор барымтага алынса атып салышмак. Биз болсо эркелетип отурабыз. Бизде коргоочулар бар. Алар Кыргызстанды эмес, кыргыздын душманын коргоп жатышат. Эркиме койсо алардын баарын учакка салып, акча алган жагына жөнөтүп жибермекмин” деген эле.

Мына сотторго кай тараптан шамал келип, кай тарапка алардын ийилгени көрүнүп турат.

Садыр Жапаров 2013-жылы Каптагаев кыска убакытка барымтага алынганда Кыргызстанда болбогондугу аныкталган. Каптагаев ошондуктан бул иште Жапаровдун тиешеси бардыгы далилденген жок деп билдирип келатат. Бирок саясий өч алууга ууккан бийлик аларды эч бир уккан жок.

Белгилеп кете турган нерсе, 2013-жылы Каптагаевди барымтага алуу окуясы Кумтөр келишиминде адилеттүүлүктү талап кылган митингдерге байланыштуу келип чыккан. Кумтөр келишимин коррупциялык деген азыркы бийлик, 2013-жылдагы митингдердин чыгышына өздөрү негиз түзгөн.

Бирок бийликке келгенден кийин Кумтөр келишими алар үчүн коррупциялык болбой, тескерисинче пайдалуу болуп, келишимди өзгөртүүнү талап кылгандар ар тараптуу куугунтукка алынды. Анын бир курмандыгы Садыр Жапаров болуп жатат.

 

There is one comment

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар