С.Исаковдун кеңешчиси дагы бирге көбөйдү

Кеңешчилерди топтоону жакшы көргөн өкмөт башчы Сапар Исаков Калыкбек Султановду жаңы кеңешчи кылып алды. Бул тууралуу 9-январда өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Буга чейин Султанов Атамбаевдин кеңешчиси болуп келген эле.

2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин Калыбек Султанов “Ата Мекен” партиясынын катарында болуп, бирок кийинчерээк Атамбаевдин жакын жан-жөкөрүнө айланып кеткен. Султанов Кыргызстандагы ири ишкерлердин бири. Анын курулуш тармагында “Авангард стиль” аттуу компаниясы бар экени белгилүү.

Өкмөт башчы Сапар Исаков бир нече кеңешчилерди кызматка алган.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар