С.Исаков “Центерранын” анабашы менен акылдашты

“Центерранын” Кумтөрдө мөңгүлөрдү талкалоосуна жол ачкан мыйзамды Исаков жана анын өкмөтү парламенттен өткөрүп алгандан кийин  Кыргызстанга “Центерранын” аткаруучу директору Скот Перри жетип келди. Ал өкмөт башчы Сапар Исаков менен жолугушуп, сүйлөшүүлөр өткөргөнү кабарланды. (Көшөгө артында экөө бири-бирин куттуктаганы айныксыз. Анткени мөңгүлөрдү талкалоого жол ачкан жаңы келишимди “Центерра” менен Сапар Исаков быйыл 11-сентябрда түзгөн).

Перри менен 28-ноябрдагы жолугушууда Сапар Исаков “Центерранын” иштешине кызыкдар экенин билдирген.  Улуттук онкологиялык борборго жаңы жабдуу, Ысык-Көлгө тазалоочу жайларды курууга “Центерранын” акча бөлүүсүнө ыраазычылык айткан…

Кумтөрдүн Кыргызстан экономикасына кошкон салымын эбегейсиз кылып көрсөтүүгө кызыккан тараптар абдаан аракет кылып келет. Чындыгында анын өлкө бюджетине кошкон салымы болгону 5-6 млрд. сомдун тегерегиндеги сумма.  29-ноябрда парламентте кабыл алган республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 140 млрд. сом экенин эске алганда, Кумтөрдүн бюджетке кошкон салымы канчалык жупуну экени  айкын боло түшөт.

Ошондуктан Кумтөрдү эбегейсиз көбүк  (пузыр) дегенге да болот. Ал өкмөттүн ИДП боюнча кургак сандарын көбөйтүүгө, маселен өнөр жайы мынчага өстү, өнөр жайы жалпы ИДПнын мынчасын түзөт деп ооз көптүрүүгө жарайт. Анткени  Кумтөрдө жыл сайын 17-19 тонна алтын казылып алынып, анын баары Кыргызстан ИДПсында көрсөтүлөт.

“Центерра” өзү анча алтынды бери дегенде 800 миллион долларга сатып, пайдага, кирешеге туйтунуп келет. Миллиарддаган долларга жаңы компанияларды мына ошонун эсебинен сатып алып жатат. Быйыл “Центеррадагы” Кыргызстандын улүшүн 33%дан 26% түшүргөн эмиссия жасап, анын акчасына 1.1 млрд. долларга Thompson Greek аттуу компанияны сатып алды…

Кыргызстан бюджетине кошкон салымы болсо тигинче…

Кумтөрдү өтө эле бараандуу кылып, ансыз Кыргызстанда өндүрүш, ал эмес жашоо токтоп кала тургандай кылып көрсөтүүгө ошол Кумтөр коррупциясына аралашкан, ал коррупциядан киреше алган чиновниктер кызыкдар эмеспи деген суроолор ошондон ар тараптан келе берет.

 

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар