С.Исаков актанганын койбоду, коррупциялык иштер артынан чууруганын койбоду…

Атамбаевдин “оң колу” жана бардык акчалуу долбоорлор боюнча куратору Сапар Исаков 29-майда кайрадан суракка чакырылды. Суракка кирүү алдында журналисттер менен жолугушкан Сапар Исаков “таза иштегенмин, сүттөн акмын” деген сөзүн кайра кайталады. Ал “тазамын” дегенден бери Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупциялык иштердин, Тарых музейин реконструкциялоодогу  шектүү жагдайлар ачыкка чыгып, Атамбаев, Исаковго абдан чоң күнөөлөр жабышып жатат.

“Аташка менен балашка” Тарых музейин оңдойбуз деп бюджеттен 1.569 млрд. сом, Түркиянын 15 млн. долларын жумшашкан. Музейдин мебели үчүн эле 1 млн. евро (ар бир стул 100 миң сомго айланган), эки жыгач атты 33 миң еврдон ашык акчага алышкан…

Бул кыңыр иштер боюнча кылмыш иши козголуп тергелип жатат. Сапар Исаков куратор болгон Ысык-Көлдөгү ипподром боюнча да кылмыш иши козголуп, ал жерде да жүз миллиондогон сомдор солго кеткен деп шектелүүдө. Сапар Исаков мына ушул иштер боюнча сурак берип жатканы маалым.

Абройлуу саясатчылар “аташка менен балашканын” артынан дагы далай калбырлар чыгарын айтып жатышат. Бирок ал экөө азырынча  кыргыз эл макалындагыдай “ууру тойгончо жеп өлгөнчө карганат” болуп турушат…

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар