С.Аргымбаев: Ачкачылык кармагандардын өмүрү чоң коркунучта

Жарандык активист Сапар Аргымбаевдин 12-февралдагы Елньюска билдирүүсү боюнча, жарым айга жакын мезгилден бери кургак ачкачылык кармап жаткан Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана Кубан Кадыровдун өмүрүнө чоң коркунуч келип жатат.

Кубан Кадыровдун кан басымы абдан көтөрүлүп кеткендиктен суу иче баштаганы 12-февралда маалымдалганын Аргымбаев кошумчалады.

Бектур Асанов, Кубан Кадыров жана Эрнест Карыбеков январь айынын акыркы күндөрүнөн тарта кургак ачкачылык жарыялаган. Алар тез арада соттун чечимин чыгарууну жана УКМКанын башчысы Абдил Сегизбаевдин кызматтан кетишин талап кылган.

Ачкачылык жарыялангандан кийин Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук соттун Бектур Асанов жана Кубан Кадыровду 12 жылдан, Эрнест Карыбековду 20 жылга кескен чечимин күчүндө калтырган чечимди шашылыш түрдө чыгарышты…

Бул саясатчылар мамлекеттик бийликти басып алуу боюнча айыпталган. Бирок алар коюлган айыптарды толук төгүнгө чыгарып, саясий өч алуу болуп жатат деп эсептейт.

12-февралда жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров акция жасап, анда ачкачылык жарыялагандардын салматтыгы тууралуу тынымсыз маалымат берип турууну Жаза аткаруу кызматынан талап кылды. Ал ошондой эле Өмүрбек Текебаевдин камерасына коюлган видеокамераны алып салуу талабын да койгон.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар