“Республика” партиясынын курултайы 1-июлга белгиленди

Бул тууралуу Элньюска өздүк булактар кабарлады. Партиянын курултайында Өмүрбек Бабановдун талапкерлигин президенттикке көрсөтүү каралат. Буга чейин “Республика-Ата-Журт” фракциясы Бабановдун талапкерлигин көрсөткөн. Эми курултай көрсөтмөкчү.

19-июнда “Ак шумкар” партиясынын курулайы болуп, анда Темир Сариевдин талапкерлиги көрсөтүлдү. Партиянын чечими  БШКга келип түшкөнү кабарланды.

Бийликтеги КСДПнын саясий кеңеши 21-июндагы жыйынында партиянын курултайын 15-июлга белгилегени  маалым болду.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар