Рейтингдер согушу

Кыргызстандагы президенттик шайлоо өнөктүгүндө рейтинг согушу башталды.Биринчилерден болуп аны Өмүрбек Бабанов ачты. Ал УКМКнын кандайдыр  маалыматтарына таянып, анын рейтинги 65% экенин 1-октябрда жарыялады.

Албетте, УКМКа атайын билдирүү менен чыгып, Бабановдун сөзүн төгүнгө чыгарды. Атайын кызмат Өмүрбек Бабановдон УКМКаныкы делген маалыматты тастыктоону талап кылып, эгерде тастыктай албаса, анда ал Бабановдун кезектеги калпы болот деди.

4-октябрда рейтинг согушуна президент Алмазбек Атамбаев өзү аралашып, атайын билдирүү жасоого аргасыз болду. Билдирүүдө  Атамбаев шайлоочулардын эркин добуш берүүсүн камсыздоо жана ар кандай басымдардан калкалоо анын президент катары милдети экенин белгилеп, талапкерлердин бири шайлоочулардын “65.5%нын колдоосуна ээмин” деп, эч кандай тастыкталбаган маалыматты коомчулукка таңуулоодо деген.

Бабановдун “таңуулоосун” жокко чыгаруу максатында Алмазбек Атамбаев  “М-Вектор”, “Эл-пикир” аттуу социологиялык кызматтардын быйылкы жылдын март айынан тарта жүргүзгөн сурамжылоолорунун жыйынтыгын жарыялаган.

Ал сурамжылоолордун эң соңкусу 30-сентябрдан 2-октябрга чейин өткөрүлгөн деп айтылат.

Анда (1миңден 1.5 миңге чейин жаран катышкан)  Сооронбай Жээнбеков 40.4%, Өмүрбек Бабанов 21.8%, Адахан Мадумаров 4.2%, Темир Сариев 2.5% шайлоочулардын колдоосуна ээ деген маалымат келтирилген.

Атамбаевдин бул билдирүүсү бийлик шайлоо жараянына  кийлигишип жатат деген айыптоолорго туш болот. Бабанов “эч кандай тастыкталбаган маалыматтарды коомчулукка таңуулоодо” дегендей эле,  бийлик өзүнө жакын социологиялык кызматтардын сурамжылоолор жыйынтыгын калкка таңуулап жатпайбы…

Алмазбек Атамбаев өткөн парламенттик шайлоодо КСДПнын чала жан үгүт өнөктүгүнө аралашып, КСДПны сүрөөгө алганга аргасыз болгон эле. Эми президенттик шайлоо жараянына да аралашып, анын жыйынтыгына таасир этүүнү көздөп отурат.

Демек, чындыгында эле абал оор.

Атамбаев өзү тараткан социологиялык сурамжылоолордо да Жээнбеков биринчи турда жеңишти камсыздай албай турат…

Анын үстүнө бийликке жакын социологиялык кызматтар жүргүзгөн сурамжылоолор жыйынтыгы бери деген күмөн жаратат. Ага ишенимдин аздыгын интернетте жүргүзүлүп жаткан сурамжылоолор ырастайт.

Маселен, бүгүнкү күндөрү Super.kg сайты жүргүзүп жаткан сурамжылоолордо (2миңдей адам катышкан) Бабанов-Төрөбаев 820 добуш же катышкандардын 45.2% менен биринчи орунда келатат.

Экинчи орунда болсо Адахан Мадумаров. Ага 632 шайлоочу добушун берген же катышкандардын 34.8% добушун алган. Үчүнчү орунда Улукбек Кочкоров. Ага 150 киши, Сооронбай Жээнбековго 134, Темир Сариевге 57 киши добуш берген. Калган талапкерлер 1ден 5ке чейин добуш топтогон.

Одноклассники социалдык түйүнүндө жүргүзүлгөн сурамжылоолордо болсо Адахан мырза 6 миңге жакын добуш топтоп биринчиге чыккан. Бабанов экинчи орунда, Жээнбеков үчүнчү орунда калган.

Орусиянын Кыргызстандагы Спутник сайты жүргүзгөн интернет сурамжылоодо да Адахан Мадумаров 33.2% добуш алып алдыга чыккан. Бабанов экинчи, Жээнбеков үчүнчү орунду алган.

Интернеттеги бул сурамжылоолор жыйынтыгы калктын өз эркине койсо, шайлоо бурмаланбаса Адахан Мадумаров жеңүүчү болорун айгинелеп турат.

 

There are 3 comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар