Путинди Назарбаевдин кайсы сапаты таңдандырат?

Кечээ жакында төртүнчү  президенттик мөөнөтүнө киришкен орус президенти Владимир Путин казак президенти Нурсултан Назарбаевдин келечекти көрө билүүсү жана жетекчилик талантына таңданарын билдирди.  Казакстан журналисттине берген маегинде “чындыгын айтканда, мени ар дайым  таңдандырган жана таң калтырып келатканы, Нурсултан Абишевич советтик доордун адамы экенине карабай ар дайым келечекке умтулуп туруусу  менен кубандырат жана таңдандырат”,- деген Путин. “Мына ушул таңкаларлык сапат”,-дейт ал.

Путин ошондой эле Назарбаевди ишти мыкты уюштургуч дейт. “Ал… айланасына колунан иш келген жана натыйжалуу адамдарды, жаштарды топтой алат жана күчтүү адамдарды жанына коюудан коркпойт”,-дейт Путин. “Бул ар бир күчтүү жетекчинин өзгөчө сапаты”,-деп белгилеген Путин. “Нурсултан Абишевич мына ушундай акылман, иштерман, активдүү, талантуу жетекчи”,-деп эсептейт Путин.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар