Президенттикке талапкерликке Садыр Жапаров арыз берди

БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаеванын Элньюска 3-июлдагы ырастоосу боюнча, 3-июлга карай президенттикке талапкер болууну көздөп, БШКга документтерин тапшыргандар саны 16 болду.

Талапкер болуу максатында тергөө абагында жаткан Садыр Жапаров да документтерин БШКга тапшырды. Ошону менен абакта жатып президенттикке талапкер болууну көздөгөндөр экөө болду. Алар Өмүрбек Текебаев жана Садыр Жапаров. Экөөнүн үстүнөн тең соттук териштирүү жүрүп жатат. Экөө тең азыркы бийликке кескин оппозицияда турган саясатчылар.

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар