Президенттикке талапкер тандоо кезеги “Ата Журтта”

Бүгүн мекенчил “Ата-Журт” партиясы Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда курултай өткөрөт. Анда партиянын президенттик шайлоого катышуусуна карата маселе каралат. Партия лидерлеринин бири Акматбек Келдибеков 25-майда Алайда эл алдында президенттик шайлоого талапкер катары катышууга бата алган. Эми партия анын талапкерлигин бекитери күтүлүүдө.

Бирок Жогорку Сот Келдибековдун соттуулугу быйылкы жылдын ноябрь айында жоюларын, ошондуктан анын талапкер катары шайлоого катышуусуна чек коюлганын кыйыткан.

Кыргызстан мыйзамдарына ылайык соттолгон адам шайлоого катыша албайт.

“Ата Журттун” дагы бир лидери Камчыбек Ташиев президенттик шайлоого талапкер катары катышуу ниетин билдире элек.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар