Президент С.Жээнбековго кайрылуу

Кыргыз Республикасынын Президенти  С.Ш.Жээнбековко

Кадамжай районунун тургундарынан

 Кайрылуу

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Эгер Сиз билсеңиз биз мамлекет үчүн, акыйкатуулук үчүн, элдин ынтымагы үчүн, коррупциянын отун өчүрүү үчүн күрөшүп келебиз. Бир кайрылдык Сизге, экинчи жолу кайрылдык, бирок эч кандай жыйынтык чыкпай жатканы үчүн үчүнчү ирет кайрылып жатабыз. Ага чейин алты жыл чырылдап кайрылганыбызды айтпай эле коелук.

Биз Сизден кресло сурабасак, башка сурабасак, эмне үчүн биздин кайрылуулар кароосуз калып жатканына кабатырбыз.

Биздин кайрылууларды Сиздин кол астыңызда иштегендер териштиргиле деп кайра жөнөтүп коет экен, ошону менен кайрылуу айланып жүрө берет экен, эч жерде каралбай.

Бул кандай болду эми?

Бизде беш жыл аким болуп Кадамжайдын ашмалтайын чыгарып, ынтымакты ыдыратып кеткен Акрам Мадумаровту ордуна кое аласызбы деги?

Бул Акрам Мадумаров деген кантип олтурат мамлекеттик кадр кызматынын башында эч бир акылга сыйбай жатат. Ал өзү кандай кадр деген суроону да карап көрүңүз урматтуу Сооронбай Шарипович. Борбордо олтуруп алып жөн жатпай бул жактагы кемчонтой ОБОНдоруна “крыша” болуп эле олтурат. Токтотсун эми ал адатын. Эмне ал жерде интригадан башка жумуш жокпу борбордо? Андан көрө кадр саясатын жакшыраак жөнгө салганга аракет кылбайбы? Биз түшүнбөй жатабыз. Ал  төрт катын менен чайханада отуруп ушак куушканга гана жарабаса башкага жарабайт. Ал жогорку кызматта иштей турган кадр эмес урматтуу Сооронбай Шарипович.

Же ойлоп жатасызбы, Кадамжайдан шайлоодо жакшы добуш алып берди деп? Ал анын “заслугасы” эмес. Сизди карапайым эл жүрөгүдөн шайлады, ушу Акрамга окшогон коррупционерлердин сазайын берсин деп. Акрам Мадумаров менен анын ОБОНдоруна итиркейи келип жатып Сизди карапайым эл шайлады. Эгер алар болбогондо Сиз ал жерден эки эсе көп добуш алат элеңиз.

Айта беребиз, айтып келдик, дагы да айтабыз: Акрам Мадумаровко окшогон эл бузар, ушакчы (интриган), коррупционерлер жок болмойунча айта беребиз. Бул өзүнүн досу Икрам Илмиянов менен биригип алып мамлекетке өтө чоң зыян кылышты. Бул эки достун артында бир нече куйруктары (шайкалары) бар, Алтынбек Нурматов деген (Майдан айыл Өкмөт башчысы). Сапар Исаков барып АШАга отчет бергендей эле, ал да акимге отчет бербей Акрамга отчет берет. Элге да отчет бербейт. Түз эле Акрамга отчет берет. Биздин аким ким экенин да түшүнбөй калдык. Айылдык кеңештин депутаттары бар- төрагасы Курмушуев Мурза деген, дагы бирөөсү Топчубаева Турсунай деген (айылдык кеңеште тоо кен тармагы боюнча комиссиянын төрайымы). Булардын максаты эл үчүн эмес, а булар Бел-Алма көмүрүн уурдаган ууруларды коргош үчүн гана олтурушат. Буйрукту Акрам Мадумаров берет, анын куйругу Алтынбек Нурматов  ОБОНдор менен чогуу аткарат. Алтынбек Нурматов жумушка да барбайт. Кааласа Бишкеке, кааласа Чүйгө – кааласа үйгө дегендей эле жүрөт. Өкмөттөн айлык алат, элдин эмес Акрам Мадумаровтун жумушун кылат. Айыл өкмөт кашасы чыгып жатат. Жаңы аким аны текшере да албайт, керек болсо райондук жыйынга чакыра да албайт өкмөттү. Себеби анын крышасы Акрам.

Дыйкан базарга барып бир кап картөшкө сатса да таразага койуп сатат. А булар миллиондогон тонна көмүрдү эч кандай тараза да жок, эч кандай отчет да жок, салыгы да жок беш жыл уурдашты.

Мейли Бел-Алма көмүрү иштесин. Бирок ал алардын атасынан калган эмес да. Салыкты жакшы кылып төлөп, мыйзам чегинде иштетсе болбойт беле. Сөзсүз уурдаш керекпи? Беш жылда миллиондогон долларды кымырып коюп “бээ көрдүңбү жок, төө көрдүңбү жок” болуп олтурушат.

Мамлекетибиз кыйналып турганда жок дегенде мыйзамдуу салыктарын, жана башка төлөмдөрүн мамлекетке төлөп коюшбайбы?

Икрам Илмиянов жана Акрам Мадумаров – булар чыныгы коррупцияга жана уурулукка шектүүлөр. Майдан айыл Өкмөт башчысы -Алтынбек Нурматов ( белгилеп кетуучу жагдай, айылдык кеңеш депутаттары: Алмаз Нурматов-агасы, Абдыбап Нурматов-агасы, Гүлү Нурматова-жеңеси. Семейный депутаттар), Майдан айылдык кеңешинин төрагасы Мурза Курмушуев, Майдан айылдык кеңешинин тоо-кен комиссиясынын төрайымы Турсунай Топчубаева ж.б. – алардын коргоочу жан сакчылары.

Булардын үстүнөн бир эмес бир нече жолу тиешелүү органдарга кайрылганбыз. Жооп жок. Сизге да кайрылганбыз. Жооп жок. Эми дагы кайрылып жатабыз.

Тиешелүү материалдар прокуратурада да бар, финполицияда да бар, сотто да бар, акимде да бар, губернатордо да бар. Сизде да бар урматтуу Сооронбай Шарипович.

Чакырсаңыз ар убак даярбыз Сизге барып тастыктап бергенге. Же болбосо илгери союз учурундагы Москвадан атайын жөнөтүлгөн адамдар келип баарын ордуна коюп кеткендей эле ишеничтүү текшерүүчүнү жөнөтүңүз. Баары тастыкталат.

А, бүгүнкү күндөгү Акрам Мадумаровтун жогорку кызматта турганы, болгондо да интриган адамдын мамлекеттик кадр кызматын жетектеп турганы бул жакшы эмес. Эгер татыктуу болгондо айтат элек туура кылыпсыз, биздин жигитти карап жүрүңүз деп. Ал уят кылат же бар жоктун ашмалтайын чыгарат. Аны жакшы деп Сизди алдагандарга эмес, а карапайым адамдарга да ишенип койуңуз урматтуу Сооронбай Шарипович.

Ал эми азыркы аким Исаков Жаныбек бонча айтсак, аман эле болсун. Акрам эмнени буюруса ошону аткарып олтурат. Өзүнүн өнүгүүгө болгон эч кандай демилгеси жок. Анын сөзүн мектептин окуучусу да укпайт. Тамарканы ит-куштан кооруп, коюп койгон адамдын макети сыяктуу эле олтурат. Аким барбы-бар. Олтурабы-олтурат. Эсебиге эле олтурат. Акрамдан буйрук келсе аткарып коет, болду. Калганы мурдакыдай эле кагаз түрүндөгү “аткарылып жатат, баары мыкты” деген алдамай отчет.

Урматтуу Сооронбай Шарипович, мына ушул коррупционер-ууруларга, мыйзам чегинде тез аранын ичинде чара көрсөңүз, биздеги ыдыраган ынтымак жана тартип калыбына келет деп ишенебиз.  Булар ар кандай интригалар менен, жалган сөздөрү менен элди тажатып бүттү. Булардын кылмыштарын издештин, териштириштин кереги жок. Алар ар бир күч органдарынын үстөлүнүн үстүндө жатат. Бирок чара көрүлбөйт. Сизден жакшы үмүт менен жыйынтыктуу жооп күтөбүз.

Урматтуу Сооронбай Шарипович, бизге жеткен маалыматтар боюнча, мурда сиз менен чогуу Жогорку Кеңеште депутат болгон Абсатаров Абдыкайым Сизге кирип, Акрам Мадумаровтун ордунда калуусун бышыктап чыкты дегенге ишенгибиз келбесе да билдирип койуу зарыл. “Абсатаров Абдыкайым Ак үйгө кирип, Соке менен ишти бүтүрүп чыкты, эми кайрадан байрак колубузда” деп мактанып жүргөнү таң калтырбай койбойт.

Эскерте кетсек Абсатаров Абдыкайым бул-мурда таможняда иштеген, К.С.Бакиевтин кошелегторунун бири. Кадамжай районунан болот. Убагында  Жогорку Кеңеште депутат болгон. Азыркы учурда жогоруда аталган тууганы Нурматов Алтынбектин кесмесин оң кулагына, а Мадумаров Акрамдын кесмесин сол кулагына илип,  ууруларды коргоп жүргөн кербези.

Майдан эли Акрамдин компаниялардан алган үйлөрүн жана миллиондогон акча алганын жана башка далилдерди бийлик карап берүүсүн сурап  беришти. Эми биз жыйынтыгын күтөбүз.

Жогоруда аты аталгандар “шайлоодо мени шайлады” деген жаңылыштыктан алыс болуңуз. Булар кеме чөгүп бара жатканда башка кемеге секирип “мына мен” деп чыга калганды жакшы өздөштүргөн адамдар. Аны Кадамжай эли баары билишет.

А Сизден урматтуу Сооронбай Шарипович, ушул ишти өз көзөмөлүңүзгө алып, ууруларды, коррупционерлерди мыйзам астында жооп бере турган кылып, элдин ишеничин жерде калтырбайт деп үмүт кылабыз жана сизди урматтайбыз.

 

Түштүк аймагындагы “Элдик Көзөмөл” координатору

Роза Маманова, байланыш тел: 0777 77 95 83

Гапыр Нурбаев, байланыш тел: 0771 11 87 53

There is one comment

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар